Menu

Абдыбек Дүйшалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Эл үчүн иштейин деп келдим”

Бөлүшүү:

–Абдыбек Кашымбекович, Өмүрбек Бабановдун ордуна депутат болуп келдиңиз. Өзүңүз деле ыңгайсыз болуп жатсаңыз керек?

–Бул эми буйрук экен. Мандат боюнча Өмүрбек Токтогулович менен сүйлөшө алган жокмун. Эл катары элге жасаган кайрылуусун гана окудум. Андан кийин ал кишинин арызы келгенден кийин БШК чакырып, мыйзам чегинде мандатты мага беришти.

–Мурда кийин мамлекеттик кызматта иштегенсизби?

–Көп жыл МАИ тармагында анан Мамлекеттик каттоо кызматында иштегем. Мамлекеттик кызматта көп жыл иштегем. ИИМдин пенсионеримин, эми эл үчүн иштейин деп келдим.

–Азыр өзүңүз иштеп кеткен тармактын иштөөсү канаатандырабы?

–Иштен кеткениме көп болду. Андыктан ичинен билбейм. Бирок мен канаатанбаган да нерселер бар. Мисалы күн сайын МАИнин атын гана алмаштырып, ичинен эмес сырттан жетекчилерди алып келип жатканы туура эмес болду деп ойлойм.

–Ошол тармакта көп жыл иштеген экенсиз. МАИ менен милицияга эл эмнеге жакшы сөз айтпайт?

–МАИ менен милициянын кантип иштеп жатканын эл эмес, силер журналисттер көп көрөсүңөр. Балдар жолдо турат, иштеп жатат. Бюджетке акча түшүрүп, тартипти сактап жатышпайбы. Бир эки негатив чыкса эле баса калып жазганыңыздардан улам ушул ахывал болууда. Мыйзамды бузуп жатса, айып пул салынганы кимге жаксын. Эч бир адам кылмышын мойнуна алгысы келбейт. Анан сөзсүз эл арасында жаман пикир жаралат да. Сиздер жакшы жагын айтып жазсаңыздар, элдин да МАИге болгон ой пикири өзгөрөт эле.

Камчы Кадыров

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: