Menu

Казакстанда Сирияга кетүүгө аракет кылган жаран 9 жылга соттолду

Бөлүшүү:

Караганданын 30 жаштагы тургуну террордук топтун ишмердүүлүгүнө катышкан жана анын катарына «жашы жете элек тууганын азгырган» деген айып менен 9 жылга эркинен ажыратылды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, айыпталуучу «Ислам мамлекети» террордук уюмунун катарына кошулуп, өзүнүн жашы жете элек тууганын Сирияга алып кетүүгө аракет кылган.

Жактоочулар бул иште мыйзам бузуулар көп экенин айтып, айыпталуучу акталышы керектигин билдиришүүдө. Соттолгон жарандын айтымында, ал террордук топтун катарына кошулууга аракет кылган эмес, болгону Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин көрсөтмөсүн аткарган.

“Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери күйөөмдүн кармалышына күнөөлүү адамдын ишенимине кирип, аны колго түшүрүүгө жардам берүүмдү өтүнгөн. Мен атайын кызматтын үч шаардагы бөлүмүнүн кызматкерлеринин көзөмөлүндө болгом. Менде ал адамды таап берейин деген гана ой болгон. Жашы жете элек тууганымды алып кетүүгө аракет кылган эмесмин, бул жалган”, – деди айыпталуучу сотто.

Былтыр сентябрдан бери камакта жаткан айыпталуучунун айтымында, ал ыктымал жоочуга байланышка чыгып, аны бийликке өткөрүп берүү максатында Карагандадан чыгып баратканда кармалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: