Menu

Кандай аба менен дем алып жатабыз, бишкектиктер?

Бөлүшүү:

Бишкек эми мурдагыдай тоонун сыдырым жели соккон, тынч, жайлуу шаар эмес. Учурда абасынын булгангандыгы боюнча ал эң көп калк жашаган Пекин мегаполисинен артта калбайт болушу керек. “МувГрин” коомдук бирикмесинин жарандык активисттери ушундай жыйынтыкка келишти. Алар борбордун үч жеринде абанын тазалыгын текшерип чыгышкан.

Болгону эки жылдын ичинде 1,5 млн калк жашаган Бишкек абасынын булгангандыгы боюнча 18 млн калк жашаган Пекинге жетип келгени кандайча болуп калды? Болгондо да, бизде ири өнөр жай ишканалары эч качан болгон эмес жана алар азыр да жок. Пекинде болсо көп жылдан бери өнөр жай тармагы дүркүрөп өсүп өнүгүүдө.

А себеби анын жөпжөнөкөй: экологдордун да, жарандык активисттердин да, мамлекеттик аткаминерлердин да айтымында, абанын булганышына автоунаалар 80%га чейин салым кошушат. Кыргызстандыктар ушунчалык “кедей” жашап жатышкандыктан, айрым үй-бүлөлөрдө 2-3төн автоунаа бар. Экологияга да, адамдарын өмүрүнө да өзгөчө коркунучту маршруткалар жаратат. Бишкекте эң көп кездешкен транспорттун техникалык абалын, айдоочуларынын психикалык ден соолугун эч ким эч качан текшербегендей түр калтырат.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, так ошол маршруткалардын жанында датчиктердин көрсөткүчтөрү так секирип, абанын катуу булганышын көрсөтүп жатышты.

Экинчи себеп – Бишкектин аймагында да, анын айланасында да үйлөрдүн башаламан курулушу. Шаардын өзүндө көп кабаттуу үйлөр бир-бирине ушунчалык тыгыз курулгандыктан шамалдын розасы деп аталган нерсе бузулган, башкача айтканда үйлөрдүн ортолору желдеп турбай, автоунаалардан жана ТЭЦден чыккан газдар бардыгы адамдын өпкөлөрүнө кетип, коркунчутуу илдеттерди жаратып жатат. Ага кошумча, конуштарда жашагандар үйдү жылытыш үчүн көмүр жагып, шаардын абасынын булганышына салымын кошуп жатышат.

Эми үчүнчү себеби – бир кезде жашыл шаар деп аттыккан Фрунзенин бак-дарактарынын көп санда көзөмөлсүз кыйылышы. Мэрия бул иштерди жаңылануу жана прогресс менен түшүндүрүүдө, ал эми бизге окшош катардагы шаардыктар ар-бир кыйылган бак-даракты көргөндө – бир тууганыбызды жоготкондой болобуз…

Бүгүн өкмөт бул маселеге көңүл бургансыды, тийиштүү мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топту түзүү тууралуу чечим чыгарды. Алар абанын булганышын азайтуу жана Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышмакчы. Бул жерде кечигүү өлүмгө тете. Ага чейин бишкектиктер ден соолугун сактап калыш үчүн противогаздарды да сатып алганга макул.

Лейла Саралаева

Фотосүрөттү тарткан Вячеслав Оселедко  

Булак: Жаңы Жүздөр

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: