Menu

АКШ бозгундагы тажик полковнигинин өлүмү тууралуу маалыматты ырастабайт

Бөлүшүү:

АКШ мамлекеттик катчысынын Ооганстан жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Генри С. Эншер Тажикстандагы сапарында өлкөнүн өкмөт жана жарандык коом өкүлдөрү менен жолукту.

АКШнын Тажикстандагы элчилигинен билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бөлүндү.

Генри С. Эншер «Азаттыктын» тажик кызматына берген маегинде АКШ Тажикстан ИИМинин Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы командири, бозгундагы полковник Гулмурод Халимовдун өлүмү тууралуу маалыматты ырастай албай турганын билдирди.

«Орустар көп нерселер жөнүндө айтып жатышат. Азыр биз бул маалыматты ырастай албайбыз…», – деди ал.

Генри С. Эншер ошондой эле Ооганстандан келип жаткан коркунучту болушунча азайтуу үчүн АКШ Борбор Азия өлкөлөрү жана ооган бийлиги менен кызматташуусун улантып жатканын кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: