Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди кабыл алды.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруудагы негизги багыттар жана Мамлекет башчысынын иш сапарларынын алкагында коңшу өлкөлөр менен жетишилген макулдашуулар талкууланды. Министр ошондой эле жазгы талаа жумуштарына даярдык жана айыл чарба тармагына тартылып жаткан инвестициялар боюнча айтып берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков бардык кесиптештери – жакынкы мамлекеттердин башчылары менен өз ара аракеттенишүү маселелери менен катар агрардык тармакта кызматташуу келечеги талкууланганын белгиледи.

«Өзбекстан менен биз айыл чарба жана сүт, эт азыктарынан акциздик салыкты алып салуу, биргелешкен жаңы ишканаларды куруу мүмкүнчүлүктөрүн талкууладык. Тажикстанда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликтеги мүчөлүгү жана ВСП+ статусун эске алуу менен товарларды экспорт, импорт жана реэкспорт кылуу боюнча аракеттенишүү механизмдери талкууланды. Ички да, тышкы да рынокто биздин айыл чарба азыктарына суроо-талап чоң, биз атаандаштыкка туруштук бере алабыз. Экологиялык таза продукциябызды тышкы рынокторго экспорттоого мүмкүнчүлүктөрүбүз чоң, бул багытта жумушту активдештирүү керек», – деп белгиледи Мамлекет башчысы.

“2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Президенттин Жарлыгы тууралуу айтып жатып, Сооронбай Жээнбеков максаттардын бири айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жаатында аймактардагы чакан жана орто ишкерликтин демилгелерин колдоо экендигин белгиледи.

«Айыл чарба министрлиги аймактардагы фермерлерди жана ишкерлерди жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо боюнча каржылык институттар жана жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштеши керек. Кайра иштетүү ишканаларды куруу долбоорлорун даярдап, аймактардагы фермерлерге жана ишкерлерге жардам бериши керек. Бул биздин негизги максатыбыз болушу зарыл», – деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Министр Нурбек Мурашев учурда республикада 344 ири жана орто кайра иштетүүчү ишканалар иштеп жатканын, анын ичинен 50 ишкана акыркы үч жылда ишке киришкени боюнча маалымат берди.

«2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Президенттин Жарлыгынын алкагында Министрлик аймактарда айыл чарба азыктарын кайра иштетүү иштерин күчөтүп, муну менен жергиликтүү фермерлерге продукциясын экспортко чыгарууга көмөктөшүүнү пландоодо. 2017-жылы биз маанилүү натыйжаларга жетиштик – кайра иштетүү өнөр жайынын өсүшү 112 % түздү, экспортко чыккан кайра иштетилген продукциянын өсүшү 125 % түздү. Биз ЕАЭБге кирүүнүн жемишин көрө баштадык», – деп белгиледи министр Нурбек Мурашев.

Ал ошондой эле жакын арада россиялык мамлекеттик «Росагромаркет» компаниясынын адистери келишип, алардын катышуусу менен 2018-жылдын 12-13-февралында Бишкек жана Ош шаарларында фермерлер үчүн конференциялар уюштурула турганын билдирди.

Бул аянтчаларда Кыргызстандын экспорттук инфраструктурасын жакшыртуу боюнча кызматташуунун келечеги талкууланат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: