Menu

Тезек терген эле жакшы бекен?

Бөлүшүү:

– “Тезек тергиле” – “жууркан алгыла”, “палаткадан тамак ичкиле” деген сунуштардын кайсынысы экономикалык көз караш менен караганда ынанымдуурак?

Аликбек Жекшенкулов, экс-министр: “Менимче эки маселе тең биздин элди шылдындагадай эле көрүнүш”

– Менимче эки маселе тең биздин элди шылдыңдагандай эле көрүнүш. Биз 21-кылымда жашап жатабыз. Карапайым калк жылуу жумшак жашоого татыктуу. Ошон үчүн бийликтегилер тезек же төшөк, палатка сунуштабай, мамлекеттеги тамыр алган коррупция менен сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө реалдуу күрөшүшү керек. Башаламандыктарды жоюп, бардык тармакка тартип орнотушу керек. Экономиканы, өндүрүштү өнүгүү жолуна салышы абзел. Болбосо, мына ушундай кырдаалдын, абалдын кучагында калып, элди азапка салабыз.

Турсунбай Шарапов, жарандык активист: “Кредитке алынган акчага чала-була түзөтүлгөн ТЭЦтин ашмалтайы эми чыгып жатат”

– Бул сунуштун баары айла жоктун иши болуп жатат го дейм. Убагында кетирилген шалаакылыктын айынан бүтүндөй КР борборундагы жарандар кыйналып жатат. Канча деген кредитке алынган акчага чала-була түзөтүлгөн ТЭЦтин ашмалтайы эми чыгууда. Бул өкмөттүн азыркы жүзү деп ойлойм. Абдан өкүнүчтүү. Ошондон аз суммага Таджикстанда жаңы ТЭЦ курулду. Айтор, сөз жок, карапайым элге кыйын болду. Биздин ТЭЦти оңдоп, түзөдүк деген жерде дагы коррупциянын карааны көрүнүп жатат.

Тимур Саралаев, жарандык активист: “Бул чаралардын баардыгы – “өрт өчүрүү” ыкмалары” Тезек терген эле жакшы бекен?

– Чынын айтканда, алардын бирин дагы дурус деп же кырдаалдан чыгууга ынанымдуу сунуш деп айтканда ооз барбайт. Бул чаралардын баардыгы “өрт өчүрүү” ыкмалары. Алдын ала кылыш керек, ага толук кандуу мүмкүнчүлүктөрү арбын эле. Болгону, чакан топтун жеке кызыкчылыгы жалпы улуттук кызыкчылыгынан жогору болгон маалда мындай көрүнүштөр боло берет.

Самат Аалиев, коомдук ишмер: “Жабыркагандарга жылуу жай, ысык тамак жана жууркан берүү туура” – Эми тактап айтсак бул экономикалык эмес, кырсыктардын кесепетин азайтууга багытталган кадамдар десек туура болчудай. Тартипке ылайык, кыштагы авариядан кийин, жабыркагандарга жылуу жай, ысык тамак жана жууркан берүү туура. Бирок, өз убагындагы Бакиев айткан сөз учкулурак болот го. Ал эми экономикалык шартта, кырсыктардын алдын алуу жана профилактика иштери туура жана арзан түшөт.

Кадыр Кошалиев, тележурналист: “Тезек, палатка, жылыткыч, ысык оокат” деген сөздөрдү айтуу уят көрүнүш” – “Коомдун өнүгүшү үчүн, анын калкынын жашоо-турмушуна гүлдөп өсүшү үчүн биринчи башчы өзгөчө жооптуу. Ал өзү ууру, шумпай болсо калган жетекчилер аны туурап, өлкөнүн мүлкүн туш тараптан талап-тоноору айдан ачык. Анда элдин шору, эл кыйналат, эл чачылат”-деп И.Раззаков эң туура белгилеген экен. Азыр турмушта ошондой эле кырдаал. Башка элдер космоско учуп жаткан илимий-техникалык прогресс өнүккөн 21-кылымда биздин бийликтин “тезек, палатка, жылыткыч, ысык оокат” ж.б бала сооротор сөздөрдү айтышы уят көрүнүш.

Алмазбек Акматалиев, профессор, серепчи: “Булардын баары антикризистик чаралар” – Бул жерде экономикалык көз караш жок го. Булардын баары “антикризистик” чаралар десек туура болот го.

Рита Карасартова, адвокат: “Бийлик – өрт өчүргүч кызматындай болуп калышкан”  Тезек терген эле жакшы бекен?

– Баары эле айла жоктон айтылган, жасалган нерселер. Бийлик – өрт өчүргүч кызматындай болуп калган. Алдын-ала туура саясат жүргүзүү ыкмасын колдонушпайт. Шахрезада Аскарова, ырчы: “21-кылымда артка карай кетип баратабыз” – Негизи, бардык сунуш дурус эмес. 21-кылымда артка карай кетип баратабыз. Иштей албай жатышат. Абдан өкүнүчтүү. Эртең эмне болот, ошол чоң суроо.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: