Канкор Бакиевдин тушунда мурду дердейип, түкүрүгү жерге түшпөй калган экс-мамкатчы Нур уулу Досбол деген чунак киши Атамбаевдин башкаруусундагы алты жылда бийликке жетүү үчүн болгон аракетин көрүп, тилекке каршы анысынан майнап чыккан жок. Ак үйдөн «бузукуну» жолотпогула деген жооп укканын билебиз. Ошондон кийин «саясий өлүккө» айланган. Таң калыштуусу, Сооронбай Жээнбеков келгенден бери кайрадан босого сагалап, бешенесин жаркыратып, «устукан» үмтөтүп жүрү. Оозун ачса трайбализм «жыттанат». Чамасы ошол былгытма саясаты менен жогор жактын «кулагын ушалап» майталканга жетейин деген тилеги бар окшойт жарыктык кишинин…
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ