Menu

Түркмөнстан: окуучулардын телефондорунда уят видеолордун бар-жоктугу текшерилүүдө

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Дашөгүз шаарындагы жана бир катар район борборлорундагы мектептерде окуучулардын телефондорунда уят видео жана сүрөттөрдүн бар-жоктугу текшерилип, кыздар гинекологдун текшерүүсүнө жөнөтүлүүдө.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматына караганда, өткөн аптада облустагы билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, дарыгерлер, атайын кызмат жана полиция өкүлдөрү эскертүүсүз мектептерге барып, жогорку класстын окуучуларынын телефондорун жыйнап кетишкен. Кийинчерээк текшерүүнүн максаты — аларда мультимедиялык файлдардын бар-жоктугун аныктоо болгону кабарланды.

Өз булактар билдиришкендей, мындай текшерүүлөр облус жетекчисинин билим берүү жана маданият боюнча орун басарынын буйругу менен жүргүзүлүүдө.

“Эч кандай эскертүүсүз келип телефондорубузду чогултуп кетишти. Текшерүүнүн себептерин да түшүндүрүшкөн жок. Бирок кийинчерээк алар порнографиялык мүнөздөгү видео жана сүрөттөрдү издегени белгилүү болду. Андай файлдар жогорку класстын дээрлик бардык окуучуларынын телефонунан табылды”, – деди облустагы мектептердин биринин окуучусу.

Айтымында, андан соң уят тасмалар табылган окуучулардын телефондору алынып, ата-энелердин катышуусунда алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

“Жогорку класстын кыздарын гинекологдор текшеришти. Кыздык белгиси жоктордун ата-энеси чакыртылып, аларды мектеп алдында уяткарышты. Бул текшерүүлөрдөн кийин мектеп директору жумуштан алынды”, – деп билдирди басылманын өз булагы.

Дашөгүз облустук акимчилигинен текшерүүлөрдүн максаты тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Бирок аты-жөнүн билдиргиси келбеген жергиликтүү полиция кызматкеринин айтымында, текшерүүлөр акыркы кездери сойкулук менен алектенген мектеп курагындагы кыздардын көбөйүп кеткендигине байланыштуу жүргүзүлдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: