Menu

Казакстанда динчилдер менен атеисттердин сезимин кемсинтүү үчүн айыппул киргизүү сунушталууда

Бөлүшүү:

Казакстандын Дин иштери боюнча министрлиги динчил жана динге ишенбеген адамдардын сезимин кемсинтүү үчүн административдик жоопкерчилик киргизүүнү сунуштады.

Өлкөнүн азыркы мыйзамында «диний сезимдерди кемсинтүү үчүн» административдик жана кылмыш жоопкерчилиги каралган. Бирок атеисттер тууралуу эч нерсе айтылган эмес.

Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, «динге карата көз карашы боюнча динчил же динге ишенбеген адамдын сезимин кемсинтүү» үчүн 50 айлык эсептик көрсөткүч же 120 миң теңге (370 доллар) өлчөмүндө айыппул киргизилет. Юридикалык жактар үчүн айыппул өлчөмү 481 миң теңгени (1483 доллар) түзөт.

Мыйзам долбоору талкууланган жумушчу топтун 6-январдагы жыйынында министрликтин бул сунушун мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана депутаттар колдошту.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: