Menu

Видео – Казакстанда активист Макс Бокаевдин камактагы шарты катаал режимге өзгөртүлдү

Бөлүшүү:

Түндүк Казакстан облусунда жазасын өтөп жаткан жарандык активист Макс Бокаевдин камактагы шарты кеминде жарым жылга катаал режимге өзгөртүлдү.

Бокаев жазасын Түндүк Казакстан облусундагы абакта өтөп жатат. Жакында адвокаттарга анын камактагы шарты катаал режимге өзгөртүлгөнү белгилүү болгон. Андай режимде кармалган адам телефон чалуу, кат жазышуу, адвокаты жана жакындары менен жолугушуу укуктарынан ажыратылат.

Адвокаттар Бокаевдин камактагы шартынын өзгөртүлүшү боюнча сотко даттанууга ниеттенип жатышат.

2016-жылдын аягында жарандык активисттер Талгат Аян менен Макс Бокаев Атырау шаарындагы жер маселесине байланышкан митингди уюштургандыгы үчүн беш жылга соттолгон. Расмий түрдө аларга кастыкты козутуу, митингдерди өткөрүү тууралуу мыйзамды бузуу жана жалган маалымат таратуу айыптары тагылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: