2018-жылдын 2-февралындаКыргызРеспубликасынын МУКК тарабынан ЭТУ колдоочуларын издөө жана кармоо боюнча өткөрүлүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын алкагында, КМШ өлкөлөрүнүн биринде экстремисттик иш-аракеттери үчүн издөөдө жүрүп, КР мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган, 1978-ж.т. «Б.Д.» аттуу чет элдик жаран кармалды.
«Б.Д.» ЭТУ эмиссарларынын буйруктарынын негизинде, куралдуу «жихад» уюштуруу жолу менен коомдук-саясий кырдаалды бузуу максатында, КМШ өлкөлөрүнүн биринин аймагында деструктивдик-саясий жана террористтик жашыруун топторду түзүү менен алектенип жүргөнү аныкталды.
Азыркы учурда ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ