Menu

Вашингтон: Орусия элчигинин алдындагы аянтка Немцовдун ысымы берилди

Бөлүшүү:

Орусиянын Вашингтондогу элчилигинин алдындагы аянтка маркум саясатчы Борис Немцовдун ысымы берилди. Тиешелүү мыйзам долбоору жактырылып, күчүнө киргендиги тууралуу Борис Немцов фондунун төрагасы кенже Владимир Кара-Мурза билдирди.

Анын айтымында, аянттын расмий ачылуу салтанаты 27-февралда, саясатчы өлтүрүлгөн күнгө карата өтөт.

Январдын башында Вашингтондун шаардык кеңешинин мүчөлөрү аянтка Немцовдун ысымын берүү тууралуу мыйзам долбоорун тездетилген тартипте кабыл алууну бир добуштан колдошкон. Ага чейин документти профилдик комитет жактырган.

Борис Немцовду 2015-жылы 27-февралда Москвада атып кетишкен. Саясатчынын колдоочулары ал өлгөн жерге мемориалдык такта же монумент орнотууга уруксат алууга аракеттенип, бирок Москванын бийлик өкүлдөрү бул демилгени четке кагышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: