Бийлик органдары бир адамдын кызыл камчысына айланып, саясий коррупция жайылды. Саясий коррупция өкүм сүргөн жерде ири масштабдагы коррупция да жайылары турган иш. Мына ошолор чындык экени айныксыз фактылар менен аныктала баштады.
Кыш күчүнө кирип, суук күчөп турган мезгилде Бишкек Жылуулук борбору бузулуп, шаар тургундары суукта тоңду. Ооруканалар муздап, мектептер жабылды. Жылуулук борборун модернизациялоого сарпталган 386 млн. доллар уурдалып-таланып кеткени айкын болду. Бул карыз мамлекеттин мойнуна илинди. 5-февралда өкмөт башчы Сапар Исаков оозду ачырган, бирок саналуу кишилерге маалым болгон дагы бир коррупциянын жүзүн билип-билбей ачып салды.
Сапар Исаков Атамбаев доорунда Ош бажысынан күнүнө бюджетке 1.5-2 млн. сом түшүп турганын, азыр болсо күнүнө 15 млн. сом түшүп жатканын билдирди. Демек, Ош бажысынан күнүнө бери дегенде 13 млн. сом уурдалып турган. Бул Ош бажысынан эле ай сайын бери дегенде 390 млн. сом же 5.6 млн. доллар уурдалып турганын билдирет. Борбордук бажыга мурда (Атамбаев президент, Жээнбеков өкмөт башчы) күн сайын 30 млн.сом түшүп турса, учурда 60 млн. сомдон түшө баштаган. Демек, Борбордук бажыдан ай сайын бери дегенде 900 млн. сом уурдалып турган…
Маалымдар адамдар бажы кызматынын коррупциялашкан жетекчилери эң жогорку жетекчиликке ай сайын 13-15 млн. доллар накталай алып кирип турганын айтып жүрүшкөн. Сапар Исаков бул маалымат чындык экенин тактап, ырастады. Сапар Исаков бул масштабдуу уурулукту ачыктоо менен кетип бараткан кадырын көтөрүүгө аракет жасаганы айкын. Бирок ал жандалбастоо учурунда бийликке алып келген Атамбаев доорундагы масштабдуу уурулукту ачып, кудугуна катуу түкүрө баштады.
Ал кездеги өкмөт башчы, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине да корум-корум таш ыргытты…
“Элньюс.Медиа”
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ