Menu

АКШда сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыпталган казино түйүндөрүнүн башчысы жумуштан кетти

Бөлүшүү:

Казинолорго ээлик кылган Wynn Resorts компаниясынын негиздөөчүсү жана башчысы Cтив Уинн сексуалдык ыдык көрсөтүү айыптоолорунан кийин отставкага кетти.

Ал өз билдирүүсүндө эч кандай фактысы жок, негизсиз айыптоолордун объектиси болуп туруп компанияны башкара албастыгын жазган.

Уинндин отставкасына 10 күн мурда Wall Street Journal басылмасына чыккан макала себеп болду. Анда Уинн көптөгөн жылдардан бери компаниясында иштеген аялдардын ага сексуалдык кызмат көрсөтүүсүн талап кылып келгендиги жазылган.

Уинн айыптоолорду четке кагууда. Ошентсе да Невада штатынын казино индустриясын көзөмөлдөгөн комиссиясы тергөө иштерин баштады. Буга байланыштуу Wynn Resorts компаниясынын акцияларынын курсу төмөндөп, 76 жаштагы миллиардер 463 миллион долларын жоготту. Ошондой эле ал Республикалык партиянын Улуттук комитетинин каржы төрагасы кызматынан дагы кетүүгө арагасыз болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: