Menu

Соке үчүн Атамбаевдин “куурчагы” болуу сыймыкпы?

Бөлүшүү:

Кызматка киришкенине толук үч айдын жүзү бололек жаңы президент Сооронбай Жзэнбековдун дарамети, келечек тагдыры кызуу талкууга алынып жатат. Президенттик жарыш учурунда Бабановду “балапансың, коррупцияга каршы күрөштү сенден баштайм” деген сүрдүү, чечкиндүү образы жөн гана “саясий реклама” экендиги, аныгында Соке партбоссу, атүгүл жандосу Атамбаевсиз бир да өз алдынча кадам жасай албастыгы акырындап ачыкка чыгып, электорат: “дагы алданып калган турбайбызбы”- деп бармагын тиштегени эмненин белгиси. ия?

Бир жагынан кечээ күнү “мени колдосоңор… кызматка барасыңар” деген убада берип, шайланып алгандан кийин ал сөзүнүн өтөөсүнө чыга албай, өз алдынча бир да кадрды жылдыра албаган алсыздыгын айтса болот. Эртеңки күнү өкмөт башчы, аким, министр болорун күтүп кыялданган Сокенин чыныгы колдоочулары четке сүрүлүп кала бергени, а айлана-тегерегинде “аба ырайын” баягы эле Атамбаевди Атамбаев кылган кадрлар жасап, алардын курчоосунда калганы эксперттердин шаштысын кетирүүдө. “Өз алдынча саясат жүргүзөт, эски иштерди улантпайт”- деп кепилдик берген кечээки “пиарщиктери” да учурда дымып олтуруп калышты. Бул жагынан Соке элге калп айтпаптыр, ал “Атамбаевдин жолун улантам, көч уланат”- деп айткан, эми аны ашыгы менен аткарып, жада калса калк иренжип калган эски гвардиядагы же нары эмес, же бери эмес, өңү серт кадрларды көкөлөтүп олтурат.

Сооронбай Жээнбековдун ар бир өз алдын­ча кадам жасоо аракетин эски гвардия кунт коюп талдап, катыра жооп берип жатканы жалганбы? Ишенбесеңер Икрамжан Илмиянов ээлик кыл­ган телеканалдардан кетип аткан материалдарды көргүлө, же Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү көзөмөлдөгөн сайттарды карагыла… Мунусу менен “эсиңден чыкпасын, ойт берчү болсоң оной эле ордуңду табасың”- деп эскертип жатышкан жокпу?

Мына, Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, карапайым адамдар суукта тоңду. Соке эмне кылды? Кайра “премьер-министрди колдойм, туура чечим кабыл алыптыр”- деп тим болот. A-а балким, мунун баарын, б.а. Сокенин алсыз, колунан иш келбеген образын атайын жасап жатышкандыр. Себеп дегенде, соцсеттер аркылуу: “эгер Атамбаев болгондо көрөт элеңер, сазайын бермек”,- дегендей ишарат кетти. Атүгүл, “Атамбаевди сагындык, ал жакшы иштеген болчу, азыркы президенттин колунан бок да келбейт”- деп кыйкыргандар бар ой тобоо! Ошентип олтруп Атамбаеви кайра келип албайбы?

Сокеден эл башканы күттү эле. Адилеттүү, чечкиндүү президент болушун тилеген. Азырынча анын бири жок. Эгер элге кызмат кылып, тарыхта аты алтын тамгалар менен жазылышын кааласа, Соке ойгонуп, “куурчактын” ролунан баш тартышы керек. Бирок, буга президенттин эрки жетеби?

А.БЕЛЕКОВ

Булак: Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: