Menu

БУУ: ИМ тобу олуттуу коркунуч бойдон калууда

Бөлүшүү:

Бириккен Улуттар Уюму «Ислам мамлекети» террордук тобу дүйнөдөгү «олуттуу жана күчөп жаткан коркунуч» бойдон калып жатканын белгиледи. Бул тууралуу шаршембиде Associated Press агенттиги жазды.

БУУнун талдоочуларынын пикиринде, келечекте ИМ аз адамдардан турган, бирок көбүрөөк мотивациядагы топко басым жасайт. Учурда жоочулардын топтору «ыксыз иерархиялуу жана көзөмөл аз болгон глобалдык түйүндү» элестетет.

Ал ортодо Anadolu агенттиги Анкарада түрк полициясы тарабынан ИМдин маалымат министри делген Омер Йетектин колго түшкөнүн кабарлады.

Йетек ИМдин көзөмөлүндөгү ЖМКларда топтун ишмердүүлүгүн чагылдырууга жооптуу болуп келгени кабарланууда. Андан тышкары ал Түркиянын аймагындагы бир катар террордук чабуулдарга тиешеси бар деп шектелүүдө.

Учурда ИМдин согуш министри, Тажикстан ИИМинин Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы командири Гулмурод Халимовдун тагдыры белгисиз бойдон калууда. Былтыр Орусиянын Коргоо министрлиги Халимов орус авиациясынын Дейр-эз-Зордогу соккусунда мерт болгонун кабарлаган. Бир канча күн мурда АКШ мамлекеттик катчысынын Ооганстан жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Генри С. Эншер АКШ Халимовдун өлүмү тууралуу маалыматты ырастабай турганын айтты.

Былтыр жыл соңунда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында уюмдун атайын өкүлү Ян Кубиш үч жылдын ичинде ИМ тобу Ирак менен Сириядагы ээлеп турган аймактарынын 95 пайызын жоготконун билдирген. Андан тышкары жоочулардын бийлигинен 7,5 миллион киши бошотулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: