Menu

Ушу тапта өлкө аймагында алтын ылгоочу фабрика куруу үчүн ал жайгаша турган жер тандалууда

Бөлүшүү:

Буга чейин «Талды-Булак сол жээк» кенин иштеткен «Алтынкен» кыргыз-кытай биргелешкен компаниясы кен кошундуларындагы алтынды ылгап алуу үчүн Кытай менен Казакстанга чыгарып келсе, өткөн жылдын июль айынан тарта Казакстанга гана ташый баштады. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин тармактык комитетинин былтыр өткөн көчмө жыйынынын чечимдеринин аткарылышы боюнча маалымат угулуп жатканда белгилүү болду.

«Алтынкен» компаниясынын жетекчиси Алмаз Алимбековдун айтымында, Кытайга ташылган кен кошундуларынан ылгалып алынган алтын куймалары кайра кайтарылбайт, кытай тарап сатып, акчалай берет. Ал эми Казакстандан алынып келинген алтын Улуттук банк аркылуу сатылат. Мисалы, 2017-жылы 1515 кг алтын өндүрүлсө, анын 755 килосу гана кайтарылып алыншан. «Жогорку Кеӊештин тармактык комитети тарабынан бизге өлкө аймагынан тышкары чыгарылган кен кошундуларынан алтында толук кайтарып алуу жана алтын кошундуларын өлкө аймагында иштетүү тапшырмасы берилген», – дейт ал.

Андан тышкары, өлкө аймагында алтын ылгоочу фабрика куруу маселеси чечилип, азыр ал жайгаша турган жер тандалууда. «Эгерде Кемин району жер бөлүп берсе, Кемин шаарында курулушу мүмкүн. Болбосо, аны Кара-Балта шаарында куруу сунушу да бар. Белгилей кетчү нерсе, ал ишканада «Алтынкен» компаниясынын эмес, жалпы эле Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн алтын кошундулары иштетилмекчи», – дейт Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу министрлигинин өкүлү.

Депутат Акылбек Жамангулов тармактык комитеттин көчмө жыйынында «Талды-Булак сол жээк» кенин иштетүү жаатында жумшалган каражатка аудит жүргүзүү тапшырмасы берилгенин эске салып, ал ушул кезге чейин создуктурулап келатканын белгиледи. «Аудитти тездетиш керек. Апрель айына чейин мөөнөт берилген, убакыт аз. Ошондой эле, алтын ылгоочу ишкана курууда экологиялык талаптарды так сактоо зарыл. Антпесе, дагы нааразычылыктардын жаралышы мүмкүн. Эл каражаттын кайда жана кантип жумшалганын билиши керек. Эӊ башкысы, район деӊгээлинде туруктуу иштей турган комиссия түзүп, жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылуу маселесин чечүү зарыл», – деди ал.

Белгилей кетсек, «Талды-Булак сол жээк» кенин иштеткен «Алтынкен» кыргыз-кытай биргелешкен компаниясы 2006-жылы түзүлгөн. «Кыргызалтын» компаниясынын үлүшү – 40 пайыз, кытайлык «Цзыцзинь» корпорациясынын үлүшү – 60 пайыз. Анын башкы кеӊсеси Кемин районундагы Орловка шаарында жайгашкан. Анда миӊден ашуун адам иштейт. Жумушчулардын 90 пайызы жергиликтүү калктан, 10 пайызы кытай тараптан алынууга тийиш.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: