Menu

Депутаттар 35 000 сомдук бадыраң жешет

Бөлүшүү:

Өткөндө КРнын ЖК депутаты, “Өнүгүү-прогресс” фракциясынан мандат алган Камчыбек Жолдошбаевдин “Мен күн сайын эртең менен жумушка коомдук транспорт менен келген депутаттар менен алардын жардамчыларын көрүп, уялып, шапкемди баса кийип машинем менен өтүп кетем…”,- деген “учкул” сөзү  ага чейинки ЖЭБдеги чууну басып гана тим болбой, бүтүндөй коомчулуктун көңүлүн башка жакка буруп кетти. Ал арада коомдук транспортто жүргөн “уятсыз”  карапайым адамдар маршруткада жүргөндөн “уялган” депутаттардын бир топ былыктарын чукуп чыгышты. Албетте, депутаттардын арасында А.Касмалиева, К.Орозова, Ж.Акаев сыяктуу “уятсыздары” деле бар деңизчи. Бирок бысмылда дегенде эле жыл сайын 120 “уяттууларга” бюджеттен (демек, элдин эсебинен) 800 млн. сомдон ашык акча сарптала тургандыгы белгилүү болду. Ал эми ай сайын ошол депутаттардын “Жиптерде” жүрүшү үчүн бензинге бюджеттен 40 миң, жылына бадыраң туздашы үчүн 35 миң сомдон маянасына кошумча төлөнөрү айтылууда. Мындан тышкары айылчы катындай “Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин” деп, бир жарытылуу иш бүтүрбөсө да улам улам чет өлкөлөргө чыккандыгына канча командировка, чөнтөк телефону менен ушакчыдан бетер бакылдап сүйлөшкөндүгүнө артында бир нече нөлдөр жазылган кызылдай акча да бөлүнөрүн укканда карапайым адамдар депутаттарды чындап эле жеп-жутар деп ойлоп калары шексиз.

Булак: “Майдан. kg” гезити

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: