Menu

Ош облусунда ссуда алган 900 үй-бүлө кооптуу аймактан көчпөй жатат

Бөлүшүү:

2006-жылдагы өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тыянагына ылайык Кара-Суу районунун Кара-Сөгөт айылындагы 50 үй-бүлө коопсуз аймакка токтоосуз түрдө көчүрүлүүгө тийиш эле. Булардын арасынан 33ү гана конуш которушкан. Калган 17 үй-бүлөнүн 150гө чакты тургуну ар түрдүү шылтоолорду айтышып, дагыле өмүрлөрүн тобокелчиликке салып, эски журтунда жашап келатышат. А түгүл булардын баары мамлекеттен ссуда дагы алышкан, жер тилкелери бөлүнүп, үй салгандары дагы бар. Тилекке каршы, кооптуу айылдан көчүп кетүүдөн баш тартып жатышат.

– Булардын арасында мамлекеттен турак-жай куруу максатында жер тилкесин дагы, сууданы дагы алып, ал жакка үй тикелеп коюп, бирок, кайра эле эски конушуна келип жашап атышат,- деп чырылдады Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн жер адиси Бектемир Сейдаматов. – Айыл өкмөтү, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жыл сайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ошого карабастан айыл тургундары “Көнгөн жерибизди таштап кете албайбыз!”- дешип, көчүүдөн караманча баш тартып келатышат. Коопсуздук үчүн жоопкерчиликти өз моюндарына алышып, а түгүл ар бири тил кат дагы жазып беришкен.

Акыркы маалыматтарга таянсак, азырынча Ош облусунда токтоосуз түрдө  көчүрүлүшү зарыл болгон 2,5 миң үй-бүлөнүн 1,6 миңи гана коопсуз аймакка жайгаштырылган. А калган  400 жаран жер тилкесине кезекте турат.  Ал эми 900гө жакыны үй салууга ссуда менен жер алса дагы, таптакыр көчпөй жатышат. Ушул тапта Кыргызстанды ар кандай табият кырсыгы жүз бериши толук ыктымал деп эсептелген 10 миңдей кооптуу аймак бар.

Булак: “Майдан. kg” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: