Menu

Өзбек чек арачыларынан ок жеген Үсөнбаев: “Мыйзамды бузган эмесмин!”

Бөлүшүү:

Ала-Бука районундагы чек арада Өзбек чек арачылары тарабынан ок жеген жаранга Бишкек шаарында операция жасалды. Жакындарынын айтымында алдыда дагы бир нече операция турат, ошондон  киийн дагы  Асан Үсөнбаевдин толук сакайышына эки жыл сарпталат.

Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айылынын тургуну Асан Үсөнбаев Кыргызстандын мамлекеттик органдары аны “Өзбекстандын чек арасына өтүп кеткен” деп жалган маалымат таратканына кападар.

– Мени Өзбекстан чек арачылары Кыргызстандын аймагына 800 метрдей кирип, учурашып туруп, анан  атышкан. Мен эс-учумду жоготкон эмесмин. Анан тигилер чек арадан сүдүрөп, Өзбекстандын аймагына алып киришти. Анан гана тез жардам чакырышты. Кийин мени ооруканага жаткырышты. Ал жерге Чуст районунун прокурору келип, “Силердин акимиңердин айтымында, сен Өзбекстандын аймагында жүрүпсүң”- деди. Мени акимдин ушул сөзү, чынында, капа кылды,– деди Асан Үсөнбаев.

Асан Үсөнбаев чек арачылар артка келип гильзаны таба албай кетишкенин, кийин аны Кыргызстандын аймагынан кыргыз чек арачылары тапкандыгын дагы кошумчалады.

Баса, Үсөнбаевди сегиз күн мурда Ала-Бука районунун Көк-Серек айылында мал жайып жүргөндө, Өзбекстан чекарачылары атышкан. Ошондо 39 жаштагы Асан Үсөнбаевдин санына ок тийип, сөөгү талкаланган. Бирок, Кыргызстандын Чек ара кызматы окуя кайсы аймакта болгонун ар тараптуу териштирүү бүткөндө гана ачык билдиришээрин айтышты.

Кыргызстан-Өзбекстандын жалпы чек ара узундугу 1388 чакырымдан ашык. Алигүнчө тактала элеги 217,84 чакырым, же 26 тилке.

Булак: “Майдан. kg” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: