Аксы районунда жаңы ирригациялык канал курулуп жатат. Узундугу 7,5 чакырымга созулган бул канал бүткөрүлсө, 4000 гектар аянты сугат суу менен камсыз этет.
Маалыматка караганда, жаңы каналды бүткөрүүгө жалпысынан 800 миллион сом сарпталмакчы. Ал ишке түшүрүлсө, Кербен шаарынынн айланасы, Кашка-Суу кыштапгы жана Сары-Жайык тилкеси тролук бойдон сугат сууга зарыкпайт. Азыр жумушчулар узундугу 223 метр, а кеңдиги 2,5 метр, бийиктиги 3 метр өткөөл курууга киришти. Жалпы 800 миллион сомдун ушугезде 135 миллион сому өздөштүрүлдү.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Булак: “Майдан. kg” гезити
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ