Menu

Түркмөнстанда бюджет кызматкерлери үнөмдүү лампа алууга милдеттендирилди

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда мамлекеттик мекеме кызматкерлери электр үнөмдөөчү лампаларды алууга милдеттендирилди.

Маалыматтарга караганда, бюджет кызматкерлерине 5-10 даана лампа берилет, акча алардын айлык маянасынан кармалат. Бийлик муну электр кубатын үнөмдөө чарасы катары түшүндүрдү.

Буга чейин калкты электр менен камсыз кылуу маселеси президенттин назарын бурган. Гурбангулы Бердымухамедов курулуш боюнча вице-премьерге сөгүш жарыялап, электростанцияларды текшерүүнү, кемчиликтерди тез арада жоюуну тапшырган.

Түркмөнстанда электр кубатын үнөмдөөчү лампалар орто эсеп менен 13-15 манат ($4-$7,30) турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: