Menu

Депутаттар А.Баатырбеков менен Т.Масабиров АКШ Конгрессинин Өкүлчүлүк палатасынын “Демократия үчүн өнөктөштүк” комиссиясы жетекчилиги менен жолугушту

Бөлүшүү:

2018-жылдын 6-февралында Вашингтон шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Алмазбек Баатырбеков менен Таалайбек Масабиров АКШ Конгрессинин Өкүлчүлүк палатасынын “Демократия үчүн өнөктөштүк” комиссия жетекчилиги – конгрессмендер П.Роскам жана Д.Прайс менен жолугушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө эки өлкөнүн парламентчилери кыргыз-америка парламент аралык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Конгрессмендер 2016-жылы өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгында өзгөртүүлөр киргизилген Конституциянын күчүнө кириши менен Кыргызстандагы парламентаризмдин өнүгүшүнө кызыгышты. Ошондой эле Кыргызстандагы парламентаризм менен демократияны мындан ары дагы өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөөрүн билдиришти.

Жогорку Кеңештин депутаттары маектештерине демократияны өнүктүрүүдө жана парламентаризмди бекемдөөдөгү Кыргызстандын баардык бийлик бутактарынын биргелешип жасаган күч-аракеттери тууралуу учкай кеп кылып беришти. Ошону менен катар конгрессмендерди Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырышты.

Маалымат үчүн: АКШ Конгрессинин мүчөлөрүнүн чакыруусу боюнча 2018-жылдын 6-9-февраль күндөрүндө курамына депутаттар А.Баатырбеков, О.Артыкбаев жана Т.Масабиров кирген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик делегациясы Вашингтон шаарында жүрөт. Жумушчу иш сапар Жогорку Кеңеш депутаттарынын ар жылкы Улуттук сый тамакка катышуусунун алкагында өтүүдө.

Улуттук сый тамак АКШ Конгресси тарабынан 1953-жылы бери өткөрүлүп келе жаткан ар жылкы иш-чара болуп саналат. Аталган иш-чара АКШ Президентинин жана ошондой эле АКШ Өкмөтү менен Конгрессинин мүчөлөрүнүн катышуусунда салттуу түрдө өткөрүлүп келет. Сый тамак дүйнөдөгү 140тан ашуун өлкөнүн саясый, диний, социалдык чөйрөсүнүн жана бизнес-элитанын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана ынтымакты бекемдөө максатын көздөйт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: