Menu

“The Economist”: “Кыргызстандагы репрессиялар Борбор Азиядагы жападан-жалгыз демократияны талкалап жатат”

Бөлүшүү:

Британиялык “The Economist” басылмасы “Кыргызстандагы репрессиялар Борбор Азиядагы жападан-жалгыз демократияны талкалап жатат” деген аталыштагы макаланы жарыялады.

Материалдын автору алакандай жана дайыма толкуп турчу Кыргызстан өзүн  автократия өкүм сүргөн регион – Борбор Азиядагы демократиянын баштоочусу катары рекламалаганды жакшы көрөрүн белгилейт. “6 млн. калкы бар мурдагы  советтик республика дүйнөгө өзүнүн демократиялык өлкө экенин далилдеди, – деп салтанаттуу түрдө билдирди жаңы президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жатып. – Бирок, аны бийликке алып келген атаандаштык шайлоо демократиянын акыры көрүнүшү эмес, кичинекей далили болду көрүнөт” деп айтылат макалада. “Жээнбеков мырза тарыхты жаратты” деп ой жүгүртөт автор. Советтер Союзу кулагандан 26 жыл өткөн соң анын президенттикке шайланышы Борбор Азияда алгачкы жолу демократиялык жол менен шайланган бир лидердин экинчи лидерге бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүсүн туюндурду. “Бирок, шайлоо катачылыктар менен коштолду. 59 жаштагы Жээнбеков шайлоодо добуштарды сатып алууга жол берилгенин моюнга алды. Эл аралык байкоочулар да жалпыга маалымдоо каражаттарынын бир талапкерге жан тартканына, административдик ресурс ошол кезде премьер-министр болуп иштеп, кетип аткан президент тарабынан колдоо алган Сооронбай Жээнбековдун пайдасына колдонулганына тынчсыздангандыктарын билдиришти” деп жазат басылма.

“Кырдаал шайлоодон кийин начарлады, – деп улантат автор. – 30-декабрда Жээнбековдун шайлоодогу башкы атаандашы Өмүрбек Бабанов саясаттан кетип, парламенттеги мандатын тапшырарын билдирди. Бул күтүлүү нерсе болчу. Жээнбековдун жеке өзүнөн “отургузам” деген коркутуу уккан Бабанов жалган жалаага калбаш үчүн өлкөдөн чыгып кетти. “Этникалык чыр-чатакка чакырды” деген айыптоо анын узак мезгил түрмөгө отурушуна алып келиши мүмкүн эле” деп чечмелейт басылма.

“Бабановду колдогон парламент депутаты Канатбек Исаев ал сыяктуу түрмөдөн оңой-олтоң кутулуп кете албады, – деп жазат басылма. – 4-январда ал коррупция беренеси боюнча 9 жылга кесилди, бул иш 2011-жылы эле козголуп, ордунан жылбай турган, бирок, былтыр бийлик аны кайра козгоону чечишти”. Басылма Канатбек Исаевге “Төңкөрүшкө даярданды” деп ойдон чыгарылган айып коюлган катары эсептейт.

“The Economist” ошондой эле декабрь айында Кыргызстанда иштеп жаткан аз сандуу батыштык репортерлердун бири, АFРдин кабарчысы Крис Риклтон “иммиграциялык мыйзамдарды бузду” деген шылтоо менен шашылыш түрдө депортацияланганын, кабарчы өзү коюлган айыпты мойнуна албаганын белгилейт. Ушундай эле негизде Кыргызстандын бийлиги эки жыл бою «Хью́ман Райтс Вотч» уюмунун бир дагы изилдөөчүсүнүн өлкөгө келүүсүнө жол беришкен эмес.

“Жээнбеков мырза жакында эле белгилегендей, Кыргызстанда парламенттик демократия иштеп жаткан Борбор Азиядагы жападан-жалгыз өлкө. Акыркы жылдарда нааразы болгондор эки жолу бийликти кууп кетиришти. Өзүнүн инаугурациялык сөзүндө Жээнбеков демократия жөнүндө минтип айтты: “Эки негиз бар: биринчиси эркиндик, экинчиси жоопкерчилик”. Өкүнүчтүү жери, ал өлкөнүн демократиялык эркиндигин коргоо боюнча өзүнүн жоопкерчилигин сезбейт окшойт” деп жыйынтыктайт басылма.

“Азаттык”

P.S. Чындыгында эле коомчулук тарабынан Канатбек Исаев саясый туткун катары камакта отурганы айтылууда. Саясатчы катары эркин көз карашта болгону, бийликке бир канча ирет сын-пикирлерин билдиргени үчүн ага удаа-удаа кылмыш иштери козголгон. 30-сентябрдан бери камакта отурат…

8-февраль күнү Бишкек шаардык сотунда Канатбек Исаевдин Токмок шаарынын мэри кезиндеги ишмердиги карала баштаса (“Коррупция” жалаасы боюнча), 28-февралда “Төңкөрүшкө даярданды” деген “жарлыкта” сот процесси башталат. Эл да, дүйнөлүк коомчулук да карап турат, адилеттик болбосо, Кыргызстандын жана бийлик башындагылардын эртеңки келечеги кантет?..

Баса, кечээ 7-февралда Канат мырза 43 жашка толду. Эң башкысы, ден соолук, бекем эрк каалайбыз! Эртелеп эркиндикке чыгышына тилектешпиз!

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: