Menu

Жалал-Абадда жол эрежелерин бузгандар өткөн жылы 7 млн. сомдон ашык айып төлөштү

Бөлүшүү:

Шаардык жол коопсуздук кызматынын билдиришинче, өткөн жылы административдик протокол түзүлүп, айып пул салынгандардан 7 миллион  484 миң 600 сом өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч мурдагы 2016-жылга салыштырмалуу 1 миллион 713 миң 300 сомго көп.

Деген менен, 2017-жыл ичи 93 жол кырсыгы катталып, өткөн жылдан 13кө көп болгон, 128 жаран денелеринен ар кандай жарат алып, 5  жаран мерт кеткен. Ал эми быйылкы январь айы ичинде эле 6 жол транспорт кырсыгы катталып, жаракат алып ооруканага кайрылгандардын саны 15ке жетти.

Эскерте кетсек, атайын эсептөөлөрдүн жыйынтыгында Жалал-Абад шаарына күн сайын 20 миңдей унаа кирип-чыгып турарлыгы анык болду. Шаардын өзүндө 10 миң 763 автоунаа катталган. Алардын 1212си мамлекеттин эсебиндеги юридикалык жактардын унаалары. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу менен алек болгон 1000ден ашуун таксилер бар.

Ошондой эле ишканаларга таандык болгон унаалар боюнча да эрежелерди бузуу фактылары катталууда. Эртең менен жумушка чыгуу алдында жана кечки гаражга кирүү учурунда мекеме-ишканалардын автоунааларынын техникалык абалына түзүлгөн графиктин негизинде текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Бир айда 3 мекеменин жетекчисине эскертүүлөр берилсе, өткөн бир жылда 12 жетекчиге эскертүүлөр берилген. Аларга 180 миң сом айып пул салынган.

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: