Санкт-Петербургда дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык жеткинчектин сөөгү 6-февраль күнү кечинде Витебск жана Дунай проспектилеринин кесилишинен табылган. Кыргызстандын 42 жаштагы жараны 11 жаштагы уулу колуна футбол тобун алып үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин айтып элчиликке кайрылган. Буга шектелип 5-февралда баланын 39 жаштагы апасы жана анын 23 жаштагы күйөө баласы кармалган. Эртеси кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан суракка алынган 23 жаштагы Д .Ж. аттуу жаран (күйөө баласы) баланы өлтүргөнүн мойнуна алган. Ал мындай кадамга аялы менен жакшы жашатпай тынчын ала берген кайната-кайненесинен өч алуу максатында барганын айткан.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ