Февраль айынын соңунда сасык тумоо менен ооруган адамдардын саны көбөйүшү ыктымал. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясында Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Артур Буюклянов маалымдады.
“Биз В тибиндеги «Гонконг» жана «Калифорния» вирустарынын келерин күтүп жатабыз. Буга байланыштуу сентябрь айында 15 миң доза вакцина сатып алганбыз. Кошумча дагы 20 миң доза алдык. Бул вакциналар бөлүшүлгөн жана калктын аялуу катмары эмдөөдөн өткөрүлдү” деп айтты Артур Буюклянов.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ