Нарын облусунун Ак-Талаа районунда өткөн координациялык кеңешмеде 2017-жыл ичинде жаңы төрөлгөн ымыркайдан тарта 14 жашка чейин 24 баланын өлүмү катталгандыгы маалым болду.
Көз жумган 24 баланын ичинен бир жаштагы каза болгон наристелердин саны 11 болгон. Жыйында тогуз ымыркай энесинин ичинен эле ар кандай оору менен туулуп, бир аз убакыт гана жашаган болсо, ал эми үч ымыркай дарыгерлердин өз убагында энелерге баланы туура багуу, эмизүү тууралуу түшүндүрүү иштеринин жүрбөгөндүгүнөн улам көз жумгандыгы маалым болду.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ