Menu

Астанада балдар ууланган бала бакча текшерилүүдө

Бөлүшүү:

Астанада бала бакчага бара турган жети бала менен эки киши инфекциялык ооруканага жөнөтүлдү. Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, дагы бир нече бала амбулатордук жардам алды.

7-февралда жергиликтүү ММКлар бала бакчага барган 10 бала жана тарбиячы бир маалда ооруп калганын билдирген. Ата-энелердин айтымында, бир топто тарбияланган балдар кусуп, ичи өтүп, температура болушкан. Дарыгерлер ичеги-карын инфекциясы жана ангина деген диагноз коюшкан.

«№ 36 “Балапан” бала бакчасындагы абал боюнча ата-энелерден даттануулар келип түштү. Учурда инфекциялык ооруканага тогуз киши жеткирилди: жетөө жаш бала, экөө – тарбиячы жана бала багуучу. Калган балдар үйлөрүндө дарыланууда», — деди башкармалыктын башчысы Ануар Жангозин.

Уулануунун себептерин аныктоо үчүн комиссия түзүлдү, бала бакчанын ашканасы текшерилди жана экспертиза өткөрүү пландалууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: