Балдары менен Багдаддын четиндеги түрмөдө жаткан Зухро Ходжаева Эл аралык Кызыл чырым уюмунун кызматкерлеринен Душанбеде жашаган апасына кат берип жиберди.
«Акыркы жолу телефондо сүйлөшкөнүбүз. Анда Зухра беш же алты айлык боюнда бар экенин, бирок тоо аралап жашырынып жүрүүгө туура келгендиктен, кыйналып жатканын билдирген. Кызым жана неберелерим жөнүндө жети айдан бери эч кандай кабар ала элек болчубуз», деди Зухронун апасы Сабзагул Камолова.
Анын айтымында, кызы балдары менен Иракка 2014-жылы кеткен. Күйөөсү ага жакшы жумуш таап койгонун айтып, алгач аны Түркияга чакырып, андан ары Иракка алып кеткен. Анын ИМ тобунун катарында согушуп жүргөнү ошондо белгилүү болгон.
Тажик бийлиги Камолованын уулуна, күйөө баласына жана кызына каршы кылмыш ишин козгогон. Алар жалданмачылыкка жана башка өлкөнүн аймагындагы согуштук аракеттерге катышууга айыпталышууда. Бирок Зухронун кичинекей балдары бар болгондуктан, ага ырайым берилиши мүмкүн.
Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, учурда Ирактагы тажикстандыктарды мекенине кайтаруу аракеттери жүрүүдө. Бирок ИМ жоочуларынын аялдары менен балдарынын көбүндө тиешелүү документтери жок болгондуктан, аларды алып келүү бир канча айга созулуп кетиши мүмкүн болууда.
Азырынча Иракта канча тажик аял жана бала бар экени белгисиз. Өткөн жылы сентябрда Качкындар иши боюнча Норвегия соту (The Norwegian Refugee Council (NRC) Ирактын Мосул шаарынын жанындагы убактылуу лагерде 30дан ашык тажик үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү бар экенин билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ