2018-жылдын 7-февраль күнү саат 07:44 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Буденовка айылындагы Курулуш көчөсү № жок даректе жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 100 чарчы метр чатыры, жыгач полу, шыбы күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №27 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, өрт саат 10:54тө толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ