Menu

Туурунан уча качкандар

Бөлүшүү:

“Жаман жигит жанын, жакшы жигит элин сактайт” дегендей, Ала-Тоолуу ыйык жерибиз, элибиздин ырыскысына кол салган, керек болсо өз кызыкчылыгы үчүн жерди сатканга барган жамандарды жерип элге батырбай башка элге сиңип кеткенге түрткү берди десек аша чаппайбыз. Ооба, эмне болгон күндө дагы ким кандай иш жасаса, ошого жараша каргыш же алкыш алаары анык кеп. Андыктан улуу жараткандан жана убакыттан өткөн калыс эмне бар.

Алсак, он беш жыл элдин эгеси болуп турган Аскар Акаев үй-бүлөсү менен мекенге келе албай, Кыргызстан көзүнөн учуп жүргөн кези.

Эгер ал киши эч күнөөсү жок “аппак” болсо, анда бир жолу мекенге келип-кеткенге болот эле го? Чын эле күнөөсү жок болсо, анда эмне үчүн келип өзүнүн ак экенин далилдеп бере албайт?

Кандай адам ажо болот? Албетте улуу жараткандын көзү түшкөн адам. Эл эгеси болуу жана ошол даражага жетүү кандай бактылуу жигиттин маңдайына жазылат. Бирок элдин ишениминен дагы улуу жараткандын ишенимин актай албай, дүнүйөнүн түбүнө жетчүдөй үй-бүлөсү менен бир гана байлыкты жана өзүнүн бийлигин сактап калуунун амалын ойлогон Аскар мырзанын жасаган терс иштери чегине жеткенде ыйык жер менен улуу элибиз жерип, акыры алар үй-бүлөсү менен орус элинин этегин кармап кеткенге туура келди.

Андан соң тилин жаланып Бакиев Курманбек мырза манты жеп олтурган жеринен эле ажолук такка келип олтура калды да, “кыйратам, жыргатам” деп убаданы бере салып, беш жыл ичинде бир туугандары менен билекке чейин элдин ырыскысына колун салып, эч нерсе көрө элек немедей жан үрөп байлык топтоп, каршы чыккандарды түз эле көчөдөн аттырып салып, элдин убалынан коркпой, бир гана өз кызыкчылыгын ойлоп жатып, аягында ал киши дагы туурунан учуп чыгып, батянын элине барып баш калкалады. Байкуш болуп, актанып Кыргызстандан эч нерсе албай, керек болсо ич кийим жок кеткенин айтканы элге жетип, акыры дале түтпөй, өз эли ал кишиге ич кийим чогултуп бергенге туура келди. Кайран киши эки жакты байкап сүйлөсө болмок экен, калпы чыгып калаарын ойлоп.

Анын артынан Данчик мырза (Данияр Үсөнов) вазирлик милдетин таштай салып мансабын сактап кала албай, артын карабай качты. Ооба, бул киши тим эле “элдин жашоо-шарты абдан жакшы, жыргал жашоодо жашап жатат” деп, ар бир кишинин телефон чалуусунан пайда көрө койгонго да үлгүрдү. Учурунда акча деген неме салаасынан таруудай гана куюлуп, ити чөп жеп турду го, чиркин. Эх, кайран гана мансаптын күчү эмнени гана кылбайт? Бир келген шансты туура пайдаланса атаганат, азыр ажолук такта олтурат беле ким билет? “Адамды кордобо, акмакты бордобо” дегендей, курган элибиз жалаң акмактарды бордоп, бийлик башына кимдер гана келбеди да, кимдер гана элдин ырыскысына кол салбады. Чындап алып карасак, премьер-министрлик бийлик секиси да жөн адамдын маңдайына жазыла бербеген чоң сыймык. Бирок курган Данчик мырза бир келген  сыймыкты көтөрө албай көзүн май басып, алаңдап эч нерсени көрбөй калып, баскан кадамынан жаңылды. Эгер Дакем  жакшы иштеп, элге эмгеги сиңген болсо арабызда жүрөт эле го? Бул киши да артын ойлоп, акыры туурун таштап, элге батпай коңшу  элдин короосуна кире качты.

Өзүн Оштун ханы катары сезип, “мага ким теңеле алат” деген Мелис Мырзакматов дагы коңшу өлкөнүн Үрүмчү шаарын көздөй туурун таштап канат кагып учуп кетип, алигиче дайыны билине элек.

Ал жакка эмнеге кетти, албетте көчүгүндө калбыры бар жана ичип-жегени чын болгон үчүн көзгө тике карай албай боюн алыс тутуп, кайдагы жок шылтоону бетке кармап, актанса оозунан ак көбүк чыкканча дем албай сүйлөгөнү менен бети карарганы чын да. Болбосо “мен акмын, эмнеге мени кодулап жатасыңар?” деп келет эл го? Айтылган кеп бар эмеспи, ачка кишиге жардам берип коюш оңой. Анын маселеси болгону курсагын гана тойгузуп коёсуң. Ал эми өтө тоюп алган кишиге жардам бериш абдан кыйын. Анткени соргок адам баары бир тойсо деле жегиси келе берип, сиңире албай калганда акыры кускусу келет да. Анын сыңары биздин өтө тоюп алган чиновниктер элдин ырыскысына чоң тоюп алышып элге батпай, чет элге барып ичкен-жегендерин сиңирип жатышканы жалганбы?

“Мен ажо боло калам” деп катуу чарпылган Өмүрбек Бабанов да “туурун таштап качып кетти” деген каңшар элге желдей тарады.

Бул мырзанын дагы бактысы Бактыкандыкынан артык экенин эч ким тана албайт. “Кыргызстандагы өтө жаш миллионер” деген дагы атка конду. Премьер-министр боло калып эки миллион жашылбайга күлүк ат сатып ала коём деп, премьерлик тактан талп деп кулап түштү. Анан “ажо болом” деген таскагы шаңдуу чыгып, аруу тилек менен ат салышып, жердештери колдоп катуу чыкты эле, бирок эмне болуп кетти ким билет, мекенди таштай качты. Мына ушундайда эле кимдин-ким экени билинип калат экен. Элге берген убадасы кана? Эгер ак боло турган болсо, балким кайра келип калат чыгаар. Бирок бул жигитибиздин дагы ким экенин азырынча убакытка таразасына коё туралы. Айтайын дегенибиз, өлкөдөн жөн адам каччу эмес эле. Деги бир балээси болбосо экен?

Биз бул жерден эмнени айткыбыз келди. Албетте бул макала башка чиновниктерге сабак болсун деген гана аруу тилек менен жазылды. “Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа” дегендей, эл укпаса дагы ыйык жерибиз, улуу элибиздин руху жаман ойлуу адамдарды жерип качканга мажбур кылып салаары турган иш. Андыктан чиновниктер эл алдында ак иштегиле деген гана асыл ой.

Бердикожо Бийназаров 

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: