Menu

Кытай полициясы «акылдуу» көз айнектерди пайдалана баштады

Бөлүшүү:

Кытайдын полициясы адамды жүзүнөн тааный ала турган атайын күндөн калкалоочу көз айнектерди пайдалана баштады. The Wall Street Journal басылмасынын маалыматы боюнча, анын жардамы менен полициячы кылмышкердин ким экенин 100 миллисекунддун ичинде эле аныктап коет.

Жаңы технология полиция кызматкерлерине видеокөзөмөл камералары орнотулбаган жерлерде жардам берет. Укук коргоо органдары атайын көз айнектердин жардамы менен кылмышка шектелген жети кишини колго түшүрүүгө жетишти. Андан тышкары жасалма документ пайдаланып жүргөн 26 киши аныкталган.

Бирок мындай технологиянын колдонулушу укук коргоочуларды тынчсыздандырууда. Алар көз айнектер диссиденттерди жана улуттук азчылыктарды аңдуу үчүн пайдаланылат деп эсептешүүдө.

Расмий статистика боюнча, Кытайда 170 миллиондон ашуун камера орнотулган — бул дүйнөдөгү эң ири видеокөзөмөл системасы. Өлкө бийлиги адамдарды жүзүнөн таануу технологиясын улуттук азчылыктарды аңдуу үчүн пайдалангандыгы үчүн бир канча жолу сынга кабылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: