Menu

Жогорку Кеңеште ЕККУ ПАнын күзгү жыйынын Бишкекте өткөрүүгө даярдыктардын жүрүшү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун отуруму болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңеште Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Парламенттик Ассамблеясынын (ПА) күзгү жыйынын Бишкекте өткөрүүгө даярдыктар боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун отуруму болду. Иш-чара Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаболотовдун жетекчилиги астында өттү. Жыйынга Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин, Аппарат бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана КР Өкмөтүнүн тиешелүү министрликтеринин өкүлдөрү катышты.

Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин орун басары Т.Шаболотов ЕККУ ПАнын күзгү жыйынын Бишкекте өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин башында Жогорку Кеңеш турарын, ал тарабынан ведомстволук жумушчу топ түзүлгөнүн маалымдады. Ошону менен катар бул олуттуу иш-чараны өткөрүүдө уюштуруу, каржылоо, коопсуздук маселелери жогорку деңгээлде болушу керектигин айтып, жумушчу топко кирген ведомстволордун өкүлдөрүн жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырды.

Отурумдун жүрүшүндө ЕККУ ПАнын күзгү жыйынын өткөрүү боюнча түзүлгөн иш-чаралар планындагы ар пунк тыкыр талданып, катышуучулар тарабынан айтылган сунуш-пикирлер эске алынды. Тиешелүү ведомстволорго ЕККУ ПАнын күзгү жыйынынын күн тартибин аныктоо, тактоо сыяктуу бир катар тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Парламенттик Ассамблеясынын (ПА) күзгү жыйыны 2018-жылдын 3-6-октябрь күндөрүндө Бишкекте өткөрүү пландалган. Ага 57 өлкөнүн өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: