Menu

Жээнбеков “марионетка” болбош керек

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ коопсуздук кеңешинде катуу сүйлөдү. Ал ачыктан ачык эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин командасын сынга алып, УКМК, Башкы прокуратура, ИИМ министрлиги, сот органдарынын ишмердүүлүгү акыркы эки жылда абдан төмөн деңгээлге түшүп калганын билдирди. Коррупциянын баары так ушул аты аталган структураларда гүлдөп жатканын, эки жылдан бери УКМК коррупция менен күрөшпөй эле эшек такалап отурганын баса белгиледи. Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков, “президенттик шайлоодо жакшы иштеп берген жоксуңар деп бир топ жетекчилерге куугунтук болуп жатыптыр. Мунуңарды токтоткула! Алардын арасында мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен жетекчилер да бар. Алар куугунтукталбаш керек” – деп билдирди. Жээнбековдун бул билдирүүсүн жалпы коомчулук эң жакшы билдирүү деп сыпаттап жатышат. Ошентип, Сооронбай Жээнбеков Атамбаевге таянып алып тайралаңдагандардын талпагын ташка жаймак болду. Муну түшүнгөн киши туура кабыл алыш керек. Негизинен пре­зидент туура маселе көтөрдү. Туураны туура деш керек. Эгер Жээнбековдун алдыдагы тазалоо боюнча кадамдарына Атамбаев каршы чыкса анда эки гана жол калат. Бири өз эрки менен президенттикти өткөрүп бериш керек, же Атамбаевге каршы аттаныш керек. Башка жол жок. Эгер Сооронбай Жээнбеков кечээги айткан билдирүүлөрүнөн жыйынтык чыгара албаса, анда “марионетка” болуп калат…

Булак: Ачык саясат 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: