Menu

Самара Каримованын наамы алынбайбы?

Бөлүшүү:

Жакында эле КРнын Эмгек сиңирген артисти наамын алып, коомчулукту чууга салган Самара Каримованын наамы кайра кайтарылып алынчудай болуп калган эле. Негедир тынчып калышты. Маданият министрлиги «Самарага наам берүү боюнча бизде сунуштама тургай маалыматыбыз да жок болчу, кантип алганын билбейбиз» – деп чыгышкан эле. Укмушуң кургурдуку десе, Икрам алып берди дегени чын окшойт эй. Мыйзамсыз берилген наам кайтарылып алынышы керек го. Мыйзамсыз берилген наамдар артка кайтарылбаса, наамдын баркы кетет. Кечээ Сооронбай Жээнбеков айтып жаткан коррупция дал ушул маданият тармагында тамырлашып кеткен. Учурда Каримова Эмгек сицирген деген наамына таянып алып, Ошто өзү катышкан спектаклдердин баасын асмандатып коюп жатыптыр. Султан Жумагулов ушул маселеге көңүл бурса болот эле.

Булак: Ачык саясат 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: