Menu

Анарбек Усупбаев: “Чубак ажы экөөбүз мончодо жылаңачтана чогуу түшпөсөк, ал менин уятыма эмнеге тийишти?..”

Бөлүшүү:

Белгилүү теңирчи, техника илиминин кандидаты Анарбек Усупбаев аксакал Чубак ажы Жалиловдун гезитибиздин өткөн сандагы маегине жооп узатты. “Анарбек ага кестирбесе бүрүлөй алып жүрө берсин” дегенине жана “Сүннөткө отургузулбаган эркектердин аялы “бешеная матка” болуп кетишет…” деген ажыкенин сөздөрүнө жооп кылды.  

— Чубак ажынын сизге карата айткан сөздөрүнө теригип тургандайсыз?

— Чубакты интернетке “5 тонна китеп окуган билимдүү аалым” деп жазып жатышат. Ушинтип айткандан, жазгандан уялышпайбы, эмнеси билимдүү, эмнеси аалым?! Бул акыркы учурда “безграмотный сексопатолог” болуп алды. Эл алдына чыгып алып эле, “катын менен кандай жатыш керек, эркектикин сорсо болобу, аялдыкын жаласа эмне болот?” деген суроолорго жооп берип жатат. Мечит мусулмандар үчүн Жаратканга жалынып жалбаруу, сыйынуу, изги тилек кылуу менен бирге арууланып, агарып-тазарып чыгуучу ыйык, касиеттүү жай болбой эле Чубак ажынын пресс-конференция бере турган жайына айланып, ыйык мечитти булгап бүтүрдү. Жаш балдардын башын айлантып атат. Мечитке келип сексология жагынан суроо берген момун мусулманды “бул суроону тиешелүү адиске бер” деп койсо болбойбу?!

— Чубак ажыны бүтүндөй Борбор Азиядагы билимдүү, касиеттүү аалым экенин баары айтып жүрүшпөйбү? Ал көптү билген үчүн баардык суроого жооп берип атат да, күнүмдүк жашоонун тарбиялык маанисин берүүдө…

— Мусулмандардын эң негизги китеби Куранды жакшы билбеген адамды мактап, даңктап атышканына жаным кашайып, күйбөгөн жерим күл болуп кетет. “Каяктагы арабдардын жомок китептерин окуганбы?” деп кетем. Куранда Рум 30-сүрөөсү бар. Ошо жерде “Аллахтын жараткан нерселеринде өзгөрүү болбойт. Ислам дини туура, түз дин…” деп жазылып турат. Муну жанагы “мусулманбыз” деген  кээ бир аалымдарга көрсөтсөң, көздөрү алачакмактап кетип, “бул бузуку Куран, бурмаланып кетиптир” дешет. Ошо бурмаланып кеткен Куран китебинде Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын мөөрү басылып, азирети муфтийдин колу турат. Аны көрсөтсөм, андан бетер жинденишип, мени жаман көрө башташат.

— Эмнеге жинденип?

— “Жараткандын адамга жасаган мүчөлөрү эч өзгөрүүсүз, анын ичинде эркектердин чочогу кесилбеш керек” деген нерсени айтсам, ток ургандай так секирип кетип атышпайбы. Куранда туура, так жазылган. Жараткан адамзаттын алты санын, 12 мүчөсүн эч кынтыксыз жаратып жатса, анан бир “акылман” чыга калып, “Жараткандыкы туура эмес, чочокту кесиш керек” деп акылдуусунуп атат. Чочогун кескен туура эмес. Аны XI-XII кылымда биздин мусулман дининдеги бабаларыбыз шариятка киргизген. “12 жашка чыкканда балдардын чочогун кесиш керек” деп. Көрсө, биздин бабалар кулдарын “отургузган” же тактап айтканда, чочогун кесип, белги сымал эн коюшкан. Түрктөрдүн “Даңазалуу доор” аттуу киносунда Сүмбүлгө окшогон кичинекей балдарды апкелип туруп чочокторун, жумурткаларын кесип кулга айланткан. Эмне үчүн мындай кылган? Анткени, алар аялдарга көз артпай, болгон күч аракетин кулдук иштер менен гана алек болушун көздөшкөн. Жадагалса, Ибрайым тиги еврейдин Авраам пайгамбары фараондордун кулу болгон. Аныкын да кесип, эн салган. Кээ бир кулдардын жумурткаларын кесип, катындарын кайтарткан. Ушундан улам еврейлер тарыхка, санжырага таянып, аларда да эркектер “отургузулат”.

— Чубак ажы “Анарбек ага кестирбесе бүрүлөй алып жүрө берсин” деп айтып атпайбы, сизди атаңыз “отургузган” эмеспи?

— Чубак ажы кыйналып-кысталбасын, менин чочогум кесилген. Ооба, ата-энем билбестик менен сүннөткө отургузуптур. Азыр ошого өкүнөм да. Кызык, Чубак ажы экөөбүз мончодо жылаңачтана чогуу түшпөсөк, ал менин уятымды көрбөсө, анан эмне “кестирбей бүрүлөй алып жүрсө…” деп шакабалайт?

— Ажыкебиз “Сүнөткө отургузулбаган эркектердин аялдары “бешеная матка” болуп кетишет” деп атпайбы, сиз буга кошуласызбы?

— Эгер Жалиловдун айткандарынын баары негиздүү болсо, бүткүл Россиянын, Европа, дүйнө жүзүндөгү мусулман эмес өлкөлөрдүн аялдарынын баары айтып аткан “бешеная матка” оорусуна чалдыгышмак да. Андайды ким байкап атат же Чубак ажы мусулман эмес өлкөдөгү аялдардын баарынын жатындарын текшерип, көрүп чыгыппы же “бешеная маткаларга” дем салып атыппы?

— Чочок кескен болобу же болбойбу, ток этерин айтсаңыз?

— Чочок кескен болбойт. Ата-бабалардын алмустактан келаткан каада-салтында да болгон эмес. Анткени “отургузган” учурда эркектин жанжеринин башы жылаңачтанып, шымга ары-бери өйкөлүүнүн кесепетинен сезимталдык жоголуп, бел күчүнө тескери тасирин берет. Жаштайынан “куурап” калып атат. Ал эми кеспеген учурда чел кабыктын ичинде жүрөт, сезимталдыгы жогору сакталып, майы болот. Аялы менен кошуларда азыркыларга окшоп какырып, түкүрүнүп, ар кыл инфекция менен кайбарына шыбап, анан аялынын жан жерин жаралап, жабыркатып, жугузуп отурбайт. Бул жөнүндө азыркы өнүгүп аткан медицина илими да тастыктап, далилдүү фактылар менен телекөрсөтүүлөрдү уюштуруп, коомчулукка кабардар кылууда… Анан мени тынчсыздандырып аткан бир маселе бар, ал – азыркы ашкере динчилдердин аракеттери. “Тигинткен болбойт, минткен жарабайт, могу ширк, оногу харам” дешип. Булар ашкере динчилдер, тактап айтканда, “Таблиги жамааты”, “Хизб-ут тахрир” ж.б. КМШ өлкөлөрүндө тыюу салынганын какшап эле айтып келатам. Бизде да буларга тыюу салынышы керек, жаап салбаса, кыргызды кулга айлантуу саясаты жүрүп жатканын сезип атам. Убагында башкы прокуратура жапмак болуп, азыркы президенттин иниси кийлигишип атып жабылбай калган. Дагы бир сураныч, өкмөт көңүл бөлүп, “Таблиги жамаат” тез аранын ичинде ишмердүүлүгүн токтотсун! Анча-мынча дин бузарларды, кыргыздын улуу эл экенине балта чаап аткандарды кескин жазалап, тиешелүү чара көрүлсүн, кеч болуп кала элегинде.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ  

Булак: Азия Ньюс 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: