Menu

Качкан душманга алтын көпүрө сал

Бөлүшүү:

Акыл чайкап, ой кураган не бир асыл адамдар өткөн. Арийне, алардын айтып кеткен сөздөрү кайсыл доор болбосун күнү бүгүнкүдөй кунун жоготпой келет. Ошол эки ооз сөзү менен айрым адамдар эчен кылым карыта жашап да келишет. Бул сапар эрк, достук, эрдик, ар намыс, байлык деген алкактагы акыл казынасынан тартуу кылып турубуз.

Жүздүн кызарганы – адам баласындагы касиеттердин эң мыктысы.
Чальз ДАРВИН.

Жыргап уктайм десең – төшөккө таза абийириң менен жат.
Бенджамин ФРАНКЛИН.

Ит менен мышык достошсо – ашпозду Кудай сактай гөр!
Стефан ЦВЕЙГ.

Ичи жарык адамдын – жүзү да жарык.
Иоганн ШИЛЛЕР.

Калптын канчалык пайдалуу экенин аялдар менен врачтар гана билет.
Анатоль ФРАНС.

Кармашка башты байладык, калганын көрө жатарбыз.
НАПОЛЕОН I.

Карт дарак жакшы күйөт, картаң аттын жүрүшү тынч, эски китепти окуган кызык, эски шарапты ичсең – жагымдуу, эски досторуң – ишенимдүү.
Леонард РАЙТ.

Качкан душманга алтын көпүрө сал.
Публий СЦИПИОН.

Ким аз ойлонсо – көп жаңылат.
Леонардо да ВИНЧИ.

Ким убада берсе – ал карыздар.
Фридрих ГАГЕДОРН.

Көп адамга бакыт тартуулаган адам – бактылуу.
Дени ДИДРО.

Курман болгондорго эңкейген адам – бардыгынан бийик.
Роберт ИНГЕРСОЛЛ.

Мен адаммын. Адамдагы бардык касиет мага жат эмес.
Публий ТЕРЕНЦИЙ.

Нан, тузсуз жашоо жок,
Ата журтсуз жашоо жок.
Виктор ГЮГО.

Начар досуң болгуча, начар душманың болсун.
Генри ШОУ.

Өз абийириңдин алдында таза бол, эл эмне десе ошо десин.
Мигель де СЕРВАНТЕС.

Өзгөнүкүнө көз арткан – өзүнүкүнөн ажырайт.
ФЕДР.

Өз ишенимин коргой алган – мыкты жоокер.
Александр ГУЛБОЛЬДТ.

Өзүн сүйгөн – өңгөлөрдү жек көрөт.
Фелисите ЛАМЕННЕ.

Өзүңдү өтө сүйсөң – өзүңө өзүң душмансың.
Эбнер – ЭШЕНБАХ.

Өңгөлөр сени сүйбөсө да, кадырлоого тийиш.
Бернар ФОНТЕНЕЛЬ.

Өңгөнү басынтсаң, мени да басынтканың.
Уолт УИТМЕН.

Сандырак ойлор ар адамдын башына келет, бирок, акылдуу адам гана аны тишинен чыгарбайт.
Вильгельм БУШ.

Булак: “Майдан. kg” гезити

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: