Menu

Майдан. kg: Назик адамдар

Бөлүшүү:

“Адам үчүн эң кыйыны, күн сайын адам болуу!”

Чыңгыз Айтматов

Чынында эле адам үчүн күндө адам болуу кыйын. Бул бир сыноодур… ар бир адамдын жообу ар башка. Адам эң башкысы өзүнө жана өзүнүн күчүнө ишенүүсү керек. Болбосо ал кыялданган нерселер кыял боюнча кала берет. Дүйнөдө ар түрдүү адамдар бар, бириси бай, бириси кедей, бирисинин колу бар болсо экинчисиники жок… Бирок кандай гана адам болбосун өзүн бөпөлөп же болбосо кемсинтепеши абзел. Себеби ал Адам.

Майыптардын укугу бар

Укей Мураталиева “Назик кыз” фондунун жетекчиси болуп иштейт. Бул фондду 2008-жылы, Укей  жана дагы бир нече кыздар биригип ачышкан. Алар майып болуп үйдө отурган, мектепте же университеттте билим ала албаган кыз-келиндерге жардам бергиси келген. Себеби Укей эже “церебральный паралич” деген  ооруга туш болгон.

– Мен 6 айлык болуп төрөлгөм. Церебральный паралич төрөлгөндөн бери бар. Мен эшикке

чыкпай, үйдө китеп окучумун. Китептерден абдан көп нерселерди үйрөнсө жана билсе болот. Бирок, мен жазуучу болгум келген эмес, мен эң мыкты дизайнер болгум келчү. Ошондуктан, беш жашыман сүрөт тартчумун. Менинин оорум бар болгондуктан мектеп жана университетке кирүүм абдан кыйын болду. Себеби агай-эжейлер мени менен бир нерсе болсо жооп бере албагандарын айтышчу. Ага карабастан апам менин окушумду каалап, мени окутту. Апама рахмат айткым келет, себеи ал менин билим алып, жашоодо орун тапканымды каалаган. Менимче, ар бир адамдык укугу бирдей. Адам арасында айырмачылык жок. Колу жок адам, сүрөтчү боло албаса да, футболчу боло алат же болбосо бир депутат. Ошондуктан менин айтарым адамдарды кемсинтпей ага кайра жардам жана колдоо берүү зарыл,- дейт Укей Мураталиева.

 Адам дайыма жаны бир нерсени үйрөнүш керек

– Адам бир иш кылбаса, башка адамга багымдуу болуп калат. Мындай болбошу үчүн ал иштеши керек. Майып болсо да бекингендин ордуна дайыма алдыга умтулушу жана бир кесиптин ээси болуга аракет жасаш керек. Себеби ар бир иштен жаңы бир нерсе чыгарса болот. “Назик-кыз” фондун кыз-келидерге бычып-тигүүнү үйрөтүү максатында жана алар менен кошо иштешүү үчүн ачканбыз. Себеби көп учурда майып кыздарды төрт дубалдын ичинде камап, эч нерсени үйрөтпөй же эч ким менен сүйлөштүрбөй коюшат. Ал туура эмес деп ойлойм. Алар да социалдык тармакка кошулуп, өз эмгеги менен нан табышы керек. Азыркы учурда биздин фонддо иштеген кыздардын иштери Мода жумасында да көрсөтүлө баштады,- кошумчалады У.Мураталиева

 “Үйдө отур, эшикке чыкпа!”

Буга окшогон сөздөрдүн далайын уккан Айпери Арабаева аларга азыр анча маани бербей калган: “Мен ооруга чалдыкканы абдан көп кыйынчылыктарга туш болгом. Көйгөйлөр мектепке кирип жатканда эле башталган. Менин окугум келгенди көргөн агай-эжелер биринчи класска алышкан. Мектепти бүтүргөндөн кийин “Үйдө отур, эшикке чыкпа”- деген сөздөрдү айта башташты.  Бирок мага окшогон адамдар аз эмес. Алар менен жолугуп, сүйлөшкөндө күч кубат алам. Себеби жашоо уланууда жана жашоо абдан кооз”.

Бардык үмүт жаштарда

Укей жана Айперинин айтуусу боюнча коомчулуктун майып адамдарга болгон көз карашын өзгөртүү үчүн көп фестиваль жана акциялар өткөрүлөт. Бирок, көпчүлүк адамдарда калыптанып калган көз карашты өзгөртүү абдан оор жана аз убакыттын ичинде болбойт. Ошондуктан бул дүйнөдөгү адамдардын мамилесин жана көз караштарын өзгөртүүгө жардам бергендер – жаштар.

Ар бир адамга бирдей мамиле кылууга аракет жасайлы!

Айгерим Акылбекова

Булак: “Майдан. kg” гезити

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: