Menu

Коомдук комиссиянын корутундусу

Бөлүшүү:

Коомдук комиссиянын мүчөлөрү саясий туткундарды коргоо комитеттин маалыматын угуп, комиссияга берген документтерди иликтеп, Кылмыш Кодексинин 295-беренеси менен айыпталган Асанов Бектур, Кадыров Кубанычбек, Карыбеков Эрнест, Сарыгулов Дастан, Талгарбеков Бекболот, Төрөбаев Колубай, Султанов Марат, Калматов Тойгонбек, Гусев Александр жана Исаев Канаттын иш-аракеттерине туура юридикалык баа берилишин талдап чыгып, төмөнкү тыянакка келди.

Кылмыш Кодексинин 295-беренеси үч кылмыш белгисинен турат:

– Бийликти күч менен басып алуу;

– Бийликти күч менен кармап туруу;

– Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүү.

Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн юрист-окумуштуулары жана иш жүзүндө мыйзамдарды колдонгон тажрыйбалуу юристер бул беренеге бирдей түшүндүрүү – чечмелөө беришет.

  1. Бийликти күч менен басып алуу – Конституцияда жана мыйзамдарда каралган жолдон тышкары, аларды четке кагып, куралдын күчү менен Президентти, Премьер-министрди, министрлердин баарын кошуп, кызматтан четтетип, Жогорку Кеңешти таратып, бийлик жетекчилерин камакка алуу, эркинен ажыратуу, кыйноо, уруп, сабоо, ден соолуктарына зыян келтирүү, басынтуу, кемсинтүү, мазактоо иш-аракеттери кылмыш курамын түзөт.

Президентке куралдуу күчтөр, ички иштер министрлиги, улуттук гвардия, улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети түздөн түз баш ийгенин эске алсак, айыпталган адамдардан аскер курал-жарак, акча-каражат, атайын байланыш шаймандар, план, схемалар, тийешелүү санда куралданган адамдар аныкталып, табылып, баары далил зат катары кылмыш материалдарына киргизилип, сүрөткө тартылып, коомчулукка, сотко көрсөтүлүшү керек.

Эгерде айтылган далилдер жок болсо, анда айып тагылган адамдардын иш-аракеттерине “бийликти күч менен басып алуу” деген юридикалып баа берүү жөнүндө сөз да болуу мүмкүн эмес!

  1. Бийликти күч менен кармап туруу – мурда мыйзамдуу жол менен бийликке келип, бирок мыйзамдуу жол менен алардын ордуна келчү адамдарга өздөрүнө баш ийген күчтөргө таянып, кызматты өткөрүп бербеген иш аракеттер кылмыш курамын түзөт. Бул айып бийликтеги адамдарга гана коюлушу мүмкүн.
  2. Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүү – бийлик адамы кол астындагы куралдуу күчтөргө таянып, Референдум же Жогорку Кеңеш аркылуу эмес, күчкө салып (указ, декрет же токтом менен) Конституцияны, саясий коомдук түзүлүштү же мамлекет башкарууну өзгөртүү иш-аракеттери кылмыш курамын түзөт.

Демек, жогору айтылган айыпталуучулардын иш-аракеттери Кылмыш Кодексинин 295-беренесинин үч белгисинин бирине да кирбегени ачык-айкын көрүнүүдө.

Ал эми эгерде айыпталуучулардан курал-жарак, акча-каражат, атайын жабдыктар, план, схема ж.б. даярдык жана уюштуруу далил заттары табылса, анда аларга айып Кылмыш Кодексинин 296-беренеси – “куралдуу төңкөрүш уюштуруу” деп коюлушу керек.

Жогоруда айтылгандардын негизинде коомдук комиссия төмөнкү тыянакка келди:

Асанов Б., Кадыров К., Карыбеков Э., Сарыгулов Д., Талгарбеков Б. Колубаев Т., Султанов М., Калматов Т., Гусев А. жана Исаев К. иш-аракеттери Кылмыш Кодексинин 295-беренеси менен айыпталууга жатпайт.

Коомдук эксперттик комиссиянын мүчөлөрү:

Кулов Ф. – юрист, генерал-лейтенант, көп жылдар бою ИИМ жана УКМК жетектеген;

Ибраев Б. – юрист, экс-Башкы прокурор, юстициянын генерал-майору;

Дюшебаев К. – юрист, генерал-лейтенант, ИИМ жана УКМК-ын мурдагы жетекчиси;

Иманкулов М. – юрист, генерал-майор, УКМК-ын жетекчисинин мурдагы орунбасары;

Курманов З. – Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, генерал-лейтенант;

Чолпонбаев М. – Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, мурдагы юстиция министри юстициянын генерал-лейтенанты.

Бишкек шаары, 24-ноябрь 2017-ж.

Редакциядан: Корутунду кыскартылып которулду. Толук мазмуну менен www.respub.kg cайтына кирип таанышса болот.

Булак: “Майдан. kg” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: