Menu

Өзбекстанда журналист Бобомурод Абдуллаевдин ишин тергеген подполковник камалды

Бөлүшүү:

Журналист Бобомурод Абдуллаевдин иши боюнча тергөө иштерин жүргүзгөн Улуттук коопсуздук кызматынын тергөөчүсү, подполковник Нодирбек Туракулов жумуштан алынды. «Мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине» айыпталган Абдуллаев былтыр сентябрдан бери камакта жатат.

Андан тышкары мекеменин тергөө башкармалынын дагы бир тергөөчүсү, юстициянын майору Александр Веселовдун дагы жумуштан алынды. Бул тууралуу жеке булактарына таянып ташкенттик укук коргоочу Сурат Икрамов билдирди.

Анын айтымында, атайын кызматтын эки офицери журналист Бобомурод Абдуллаевди «мыйзамсыз кармап, тергөө иштеринин жүрүшүндө аны кыйноого алып, кылмыш ишин жасалмалагандыгы» үчүн иштен алынды.

Бул маалыматты Өзбекстандын күч түзүмдөрүндөгү өз булактары ырасташты.

Маалыматка караганда, журналист Бобомурод Абдуллаевди колго түшүрүү операциясына катышкан УККнын бардык офицерлери жумуштан алынып, шаардан чыкпоо тил катын жазып беришкен. Тергөөчү Нодирбек Туракуловго болсо камакка алуу баш коргоо чарасы белгиленген.

Сурхандарья облусунун укук коргоо органдарында иштеген офицерлердин биринин айтымында, Туракулов Улуттук коопсуздук кызматынын облустук башкармалыгын жетектеп тургандагы аракеттери үчүн сурак берүүдө. Ал 19-январда президент Шавкат Мирзиёев Сурхандарья облусунун активисттери менен жолугуп, атайын кызматтын облустагы башкармалыгын катуу сындагандан кийин камакка алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: