Menu

Спорт арбитражы 47 орусиялык спортчунун доосун четке какты

Бөлүшүү:

Спорт боюнча арбитраждык сот Түштүк Кореядагы оюндарга катышууга уруксат бербеген Эл аралык Олимпиадалык комитеттин чечимин даттанган 47 орус атлетинин арызын четке какты.

45 спортчу жана эки машыктыруучу Эл аралык Олимпиадалык комитеттин чечими дискриминациялык, негизсиз, туура эмес болгонун далилдей алышкан эмес. Комитет спорт боюнча арбитраждык соттун чечимин кызытмага каршы күрөшүүгө колдоо көрсөтүү катары кабыл алды.

Жума башында 32 орус атлети допинг колдонбогонун билдирип, Олимпиадага катышууга уруксат алуу үчүн арбитраждык сотко кайрылган. Ошол эле маалда сот тарабынан акталган 13 спортчу жана эки машыктыруучу Олимп оюндарына чакырылбай калганы үчүн кайрадан арызданышкан.

5-декабрда Эл аралык Олимпиадалык комитет Орусиянын курама командасын Түштүк Кореяда өтө турган оюндара катышуудан четтеткен. Кызытма колдонбогонун далилдеген спортчулар жарышка бейтарап желек менен чыгышат. Жыйынтыгында Олимпиадалык оюндарга 169 орус атлети каттоодон өткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: