Menu

Президент соттордун ишине нааразы

Бөлүшүү:

Кыш да кылычын жалаңдаткан менен мизи майтарылып, айбатынан кайтып барат. Мына ушул мезгил аралыгында бир топ «Гүбүрнатырлар» же азыркыча айтканда Өкмөттүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бушайманга түштү. Айрымдарынын карьерасына чекит коюлууга чейин жетип калды. Мындан улам коомчулукта гүбүр кептер күчөдү. Айтылгандарга ишенсек, жакында өкмөттүн областтагы бир катар ыйгарым укук­туу өкүлдөрү алмашаары айтылууда. Ырасында буларың алмашуусу керек. Эбак эле баардыгын (албетте арасында бирдин эки мыктылары бар) кызматтан алып, жаңы муун, жаңы системаны киргизүү керек эле. Арийне, ушул «Өкмөттүн областагы ыйгарым укуктуу өкүлү»-деген кызматты таптакыр жоюп салса де­ле болот. Буларың келемиштей болуп бюджеттен акча жегенден баш­ка эч нерсе кылышпайт. Район, аймактардагы айрым бир иш-чаралар өтүп калса ал жерде жарытылуу эки ооз сүйлөй албай мукактанышып, (маселе чечкенди мындай койдук) бирок, ошол жерде эң сыйлуу ко­нок болуп уча жегенден башканы билишпейт, эй. Сары ооз балапанча Өкмөттүн оозун карап олтурган ушу сыяктуу кызматтарды кыскартуунун мезгили деле келип жетип калды өңдөнөт.

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: