Куру кыял деген эмнени гана кылбайт. Акыл эси ордунда, ашып ташкан байлыгы, даража, сый-ургаалы бар азаматтар да так ушул куру кыялдын курмандыгы болуп келишет. Алсак, «Өнүгүү-Прогресс» деген партия ачып, эбактан бери «комада» жаткан айыл-чарбасын жандандырууга жан үрөгөнсүгөн Бакыт Төрөбаев ошо таптагы бактысына ыраазы болбой ыргыштап ийген. Буга мезгил күбө. Өмүрбек Бабановдун так ошол Тракторбек каймана аттуу «премьер-министри» Бакыт Төрөбаев шайлоодон кийин тынчып калды эле. «Дарыланып» жаткан кейипте. Бирок, өткөн жумадагы парламент жыйынында Энергохолдингдин башчысы Айбек Калиевди арыз жазып кете бер деп капталдан качырды. Ооба, айтканы туура эле. Ушинтип анда- санда үн катып коюп турбаса, «саясий өлүккө» айланып калбайбы… Анүстүнө эбактан бери эс учуна келе албай жатканда өлкөдөгү олку солку кырдаалдар Төрөбаевге окшогон «кырчаңгы» саясатчыларды «төшөнчүсүнөн» сууруп чыгат эмеспи. Анткен менен Бакыт баягы Төрөбаев эмес да. Принцип, эл алдындагы убада дегендер Төрөбаевге эч бир баалуулук эмес экендигин эл билбедиби?!
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ