Айрым бир депутаттарыбыз бар, мактоого арзырлык иштерди жасап келишет. Алсак, Жогорку Кеңештин депутаты, конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот- укук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков депутат болгон кыска мөөнөтүндө өзүн абдан мыкты көргөзө алды. Дегеле, Канат мырза депутаттык орунга келгиче эле Юридикалык академиянын башында туруп, аталган окуу жайды эл аралык деңгээлге көтөрүп, өлкө ичинде абройлуу билим берүү тармагына айланта алган. Мезгил тепкичинде Керезбеков депутаттыкты аркалап жатып да өлкөбүз жана анын жарандары үчүн эң маанилүү делген мыйзамдарга батыл киришип, анын майын чыгара иштеп келет. Иштин көзүн таба билген Керезбеков өңдүү дасыккан адистер Жогорку Кеңештин кадырын арттырып, мамлекеттин келечегине эбегейсиз салым кошуп келе жатканын эч ким тана албайт.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ