Menu

Фотобаян – Премьер-министр Сапар Исаков өлкөнүн ички иштер органдарынын ишин өркүндөтүү боюнча бир катар милдеттерди койду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 9-февралда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коллегиялык кеңешмесине катышты.

Ички иштер органдарынын түзүмдүк жана аймактык подразделение жетекчилеринин катышуусундагы кеңешмеде министрликтин 2017-жылкы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылды.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө укук коргоо органдарын реформалоо иши улантылууда, анын алкагында ички иштер органдарынын тутумунда жаңы кызматтар иш алып барып, коомдук коопсуздукту, анын катарында жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер жакшыртылууда.

Премьер-министрдин айтымында, «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасынын алкагындагы маанилүү милдеттердин бири – коомдук тартипти камсыздоо жана жарандардын коопсуздугун жогорулатуу боюнча ишти өркүндөтүү болуп саналат.

Сапар Исаков билдиргендей, Коопсуздук кеңешинин өткөн кеңешмесинде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков корупцияга каршы күрөштү өлкөнүн укук коргоо органдарынын ишиндеги артыкчылыктуу багыт катары белгиледи.

«Тилекке каршы, коррупциялык элементтер ички иштер органдарында да орун алууда. Аталган фактыларга жол берилбеши керек, анткени, милиционерлер мамлекеттик бийликтин күзгүсү катары, жарандар менен иш алып барууда алардын ишинин натыйжасы боюнча бийлик тууралуу жалпы пикир жаралат», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Мындан тышкары, ал милиция кызматкерлеринин кызматтык тартибин күчтөндүрүүгө, квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле жарандар менен пикир алышуусундагы кесиптик маданиятын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурду.

«Мен кызматтык тартипке өзгөчө басым жасоону өтүнөм. Айрым жагымсыз көрүнүштөр ички иштер органдарынын жалпы тутумунун беделин түшүрүүдө. Калктын бийликке карата ишениминин төмөндүгү көбүнэсе жер-жерлерде милиция кызматкерлери тарабынан өз кызматтык милдеттерине көңүлкош мамиле кылып, катардагы жарандар менен иш алып барууда кызматтык милдеттерин кыянаттык менен пайдалангандыгына байланыштуу келип чыгууда. ИИМ жетекчилиги кызматтык тартипти чыңдоо, ошондой эле кадрларды тандоодо алардын иш тажрыйбасын жана кесиптик даярдыгын эске алуу менен иш алып баруу боюнча тийиштүү жыйынтыктарды чыгаруусу тийиш», – деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы ошондой эле өлкөнүн жол коопсуздугу тутумун реформалоо маселеси анын жеке көзөмөлүндө тургандыгын белгиледи. Анын айтымында, «Акылдуу шаар» долбоорунун ишке ашырылышы менен жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин функционалдык милдети кайрадан каралып чыгат.

«Мен жакынкы арада жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыктарына жалпыбыз күбө болобуз деп ишенем. Кызматкерлер өзүнүн кызматтык милдеттерин так аткаруу менен катар өз укуктарын да так билүүсү керек», – деди Сапар Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө «Таза Коом» санариптик трансформациялоо программасын ишке ашыруу алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ИИМ менен биргеликте кылмыштарды электрондук эсепке алуу боюнча тутумду иштеп чыгууда.

Аталган тутум кылмыштарды каттоого жана эсепке алуунун бирдиктүү электрондук борборун түзүүнү карайт жана реалдуу убакыт режиминде иштейт. Ал ошондой эле жарандардын арыздары боюнча материалдардын аткарылышынын жүрүшүн аталган маселе боюнча чечим чыгарылышына чейин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Өкмөт башчы ички иштер орган кызматкерлери 2018-жылы өз кызматтык милдеттерин аткарууга жоопкерчиликтүү мамиле жасаарына ишеним билдирди.

«Үстүбүздөгү жылы биздин алдыбызда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун, туристтик сезонду жана башка улуттук жана эл аралык маанидеги иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча масштабдуу милдеттер турат. Жогоруда аталган иш-чаралар учурунда жана күнүмдүк жашоодо да өлкө жарандарынын коопсуздугун жана коомдук тартипти тийиштүү деңгээлде камсыздоо зарылдыгын белгилегим келет», – деп билдирди Сапар Исаков.

Коллегиялык кеңешменини жыйынтыгы боюнча Премьер-министр өлкөнүн ички иштер органдарынын ишин өркүндөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: