Menu

Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: “Сабырдуулукка үйрөндүм”

Бөлүшүү:

Жигитчилик кылуу ар бир жигиттин колунан келе бербейт. Жада  калса берген суроолоруңа жооп бере албай алдастап калгандарды көрүп эле жүрөбүз. Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов өз сөзүнө туруп, мырзалык сапатын жогору кармайт. Андыктан биз саясаттан алыс, “эркекче” маекке эл өкүлүн тартып көрдүк. Талант Турдумаматович өзү аз сүйлөйт эмеспи, андыктан баардык суроолорубузга кыска жана так жооп берди.

–Талант Турдумаматович, көк бөрү, кымбат машина жана баалуу сааттын кайсынысын тандайт элеңиз?

–Көк бөрү оюнун тандамакмын. Көк бөрү ата бабаларыбыздан келе жаткан улуу спорт. Мындай баалуу нерсени темирге алмаштырууга, салыштырууга да болбойт.

–Аялдын көз жашынан коркосузбу?

–Колдон келсе бир дагы аялзатынын көз жашын агызбаш керек. Өзүмө келсем аялдын көз жашынан коркоорум чын. Аялзаты бул эне, жубай, кыз, карындаш. Мен эч бир аялзатынын көз жашын көргүм келбейт.

–Сабактан качкансызбы?

–Убагында жакшы эле качкам. Сабакка кеттим деп коюп оюнга алаксып барбай койчумун. Ал убакта тартип каттуу эмес беле. Мугалимдер апама айтып коюшуптур. Үйгө келгенден кийин апамдан тил угуп эс алгам.

–Генерал болгуңуз келеби?

–Азыркы учурда майордук даражадагы чиним бар. Чин, наам чоң жоопкерчиликти талап кылат. Генерал болууну ар бир адамдын жүрөгүндө болсо керек. Менин да ниетимде бар. Чин алуу көп мээнетти талап кылат, ал эми ага татыктуу болуп жүрүү андан да оор деп эсептейм.

–Башкы прокурор болгуңуз келеби?

–Жооп бербей эле коёюн.

–Жубайлар урушканда ким биринчи тилин тыйыш керек?

–Аял киши өзүнүн назиктиги менен күчтүү. Эркек кишинин үйдүн ээси катары сөзү жогору турат деп ойлойм. Үйдө сөзсүз уруш-талаш болуп жатканда аял киши тилин тыйып калса жаңжал азыраак болот.

–Сабырдуусузбу?

–Мурда андай эмес элем, азыр үйрөнүп калдым.

–Кайната болгонго даярсызбы? Мырзалар картайгысы келбейт эмеспи..

— Балдардын жакшылыгын көрөйүн деп жашайбыз да. Кызымды турмушка узатып, уулумду үйлөнтүп  кайната болгонго даяр элемин, бирок балдар жаш. Кудай ошол күнгө жеткирсин.

–Сизди жакшы ырдайт дешет..

–Өзүм үчүн ырдап койсом керек, элдин алдына чыгып ырдай турган үнүм жок. Жаш кезимде атамдан үйрөнгөнүм боюнча бир аз гитара, комуз чертип койчумун.

–Өчөшүп жүргөн адамдарыңыз барбы?

–Жашоодо досуң душманга, душман доско айланып калгандар болуп турат эмеспи. Ошондуктан эч кимге эч качан өчөшкөн эмесмин.

–Сындоо оңойбу же ишке ашыруубу?

–Сындоо дайыма оңой болот. Кимдир бирөөнүн же кайсы бир иштин артынан кемчилик таап айтсаң айта бересиң. Иштебеген киши гана кемчилик кетирет деп айтып коюшат эмеспи. Сынчылар убактынча сындап, ызы-чуу кылышат. Жасалып жаткан жумушка тоскоолдук жасашы мүмкүн. Бирок жумуш жасагысы келген адам, баардык кыйынчылыктарды  жеңип, ийгиликке сөзсүз жетет.

–Өзүңүздү көзөмөлдөй албагыдай мас болуп калдыңыз беле?

–Буга чейин кээ бир учурларда бир аз алып койгон учурлар болгон. Тойлордо, өкүл ата болуп калганда бир эки стакан ичип койчумун. Азыр аракты таптакыр ичпейм.

–Эркектер жасаган тамак даамдуу болот дешет. Үйдө жеңемди эркелетип кээде тамак жасап бересизби?

–Үйлөнгөндөн бери үйдө тамак жасай элекмин. Ашкана жеңеңдин колунда, аралашпайм. Андайды жактыра бербейм. Бирок студент кезде 6 бала бир бөлмөдө жашап, тамак жасап жечүбүз. Даамы жагынан анча-мынча кыздарды уятка калтыргыдай тамак болчу.

–Компромиске барасызбы?

–Адам болгондон кийин сөзсүз барам.

-Эмоцияңызды жашыра аласызбы?

–Керектүү учурларда эмоциямды жашырып, сыртка чыгарбаганга аракет жасайм.

Мени тааныгандар бул сапатымды жакшы эле билсе керек.

–Өзүмчүлсүзбү?

–Көбүрөөк команда менен иштегенди жактырам. Саясат менен үй-бүлөдө көп адам ийгиликке жетишет. Жалгыз аттан чаң чыкпайт деп коюшат эмеспи кыргыздар. Эл менен эл болосуң.

–Кийимдериңизди жеңем бошобой калганда өзүңүз ирээттеп коёсузбу?

–Иш сапарлар болуп калганда же мүмкүнчүлүк жаралганда өзүм ирээттеп коём. Бирок үйдө которунуп эле кетем. Келинчегим өзү ирээтеп жыйнаштырат.

–Акыркы жолу кимге гүл бердиңиз?

–8-март майрамында апама дайыма гүл көтөрүп барам. Акыркы жолу жубайыма туулган күнүндө гүл белек кылдым.

–23-февраль көбүрөөк жагабы же мырзалар жактырбаган 8-мартпы?

–8-март мен үчүн кош майрам. Анткени ал күнү апамдын туулган күнү. Ал күнү башка иштеримдин баарын жыйыштырып Майлуу-Суудагы апама барып куттуктап келем. Мындан сырткары айылдагы апаларга чай берип көңүлдөрүн көтөрүүгө аракет жасайм. Негизи тигил же бул майрамга маани деле бербейм. Бирок 8-мартты сөзсүз күтүп, ошол күнү апамдын жанында болуп анын күлкүсүн көрүп келүү мен үчүн чоң жетишкендик.

–Кыргыз парламентинин биринчи төрагасы ким?

–Айдарбек Иманалы.

Сезим Мураталиева

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: