Menu

Орозбек Дүйшеев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты: «Кыргызстандын үлүшү болбогондуктан “Жерүй” алтын кенинен бир  да доллар дивиденд Кыргызстанда калбайт»

Бөлүшүү:

-Орозбек Дүйшеевич! Сиз «Фабула» гезитине (28.12.2017 ж.)«Суу кодексине» киргизилген өзгөртүүлөрдү акылдын жеңиши десек болот» — деген темада жарыяланган интервьюңуздан кийин, түшүндүрүп берүү жөнүндө көптөгөн суроолор пайда болду. Ушул оюңузду кененирээк баяндап берсеңиз.

— Бул ойду кененирээк түшүндүрүүдөн мурда, бүткүл дүйнөлүк глобалдык проблема болуп эсептелген жалпы Жер шарындагы атмосферанын жылып бара жаткандыгына токтолушубуз керек. Мындай Жер шарындагы өзгөрүүлөрдүн үстүндө көптөгөн илим изилдөө уюмдары ар кандай темада иштер жүргүзүп жатышат. Мөңгүлөрдүн эриши да изилденүүдө. Жер шарынын Түндүк жана Түштүк уюлдардагы муздардын калыңдыгы миңдеген метрге жетип, абанын жылуулашына байланыштуу ээрип, деңиздердин (океандардын) деңгээли көтөрүлүп, кээ бир материктердин айрым бөлүктөрүн суу баса баштагандыгы коркунуч туудурууда.

Тоолуу өлкөлөрдө, шарттуу деңгээлде (Кыргызстанда 3000–3500 м деңиз деңгээлинен жогору) карлар музга айланып, андан кийин мөңгүлөр пайда болот. Маселен, Кыргызстандын тоолорунда мөңгүлөрдүн төмөнкү чеги мындан 50–60 жылдары мурун эле деңиз деңгээлинен 3500–3600 метр жогоруда болгон. Дүйнөлүк климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу азыр жогорулап, 4000 метрден да жогорулады. Мөңгүнүн негизин суулар түзөт. Суунун өзгөчө физикалык касиети: суюктук, катуу жана буу түрүндө абалда да боло алат. Мындай абалда болушуна айлана-чөйрөнүн таасири бар экендиги белгилүү. Демек, мөңгүлөр түбөлүктүү нерсе эмес, алар бүгүн бар, эртең жок болуп калууга мүмкүн. Мөңгүлөр жаандан (осадки) пайда болот. Мөңгүлөрдүн дагы бир өзгөчөлүгү, ар дайым кыймылда — жылып турат. Белгилүү бийиктик деңгээлге келгенде эрийт, сууга айланат, андан жогорку бийикте турган мөңгүлөр жылып толуктап турат. Ошентип, мөңгүлөр өзүлөрүнүн физикалык өзгөчөлүк касиетинин негизинде суудан — бууга, буудан карга, кардан –музга, муздан — мөңгүгө, мөңгүдөн — сууга айланып орун алмашышып айланкөчөктө (круговоротто) болушат. Мындай айланкөчөктү массалык түрдө тездетүүгө же токтотуп коюуга адам баласынын илимий тажрыйбасы да, жана мүмкүнчүлүгү да жетише элек. Бул маселе боюнча өткөн кылымдын 50–60-жылдарында жайдын күнү мөңгүлөрдүн эрүүсүн тездетүү менен сугат сууларды көбөйтүүгө аракаттер болгон, бирок ийгиликке жетише алган эмес. Кээ бир тоо-кен өндүрүшүндө түшүнүгү жок, ошондой эле жаратылыштын мыйзам ченемдүү кругооборотун түшүнбөгөн адамдар көчүрүлүп койгон мөңгүлөрдү жоготуп койдук дешип доо коюшуп, «астрономиялык» цифралар менен сотко кайрылышкандары жосунсуз иштер экендигин билимдүү эксперттер далилдешүүдө. Которулган мөңгүлөр эрип, сууга айланып, элге пайдасын тийгизгендигин да түшүнө албаган айрым адамдар жок жерден чуу чыгарууда. «Кумтөр» алтын комбинатынын ишмердүүлүгүнүн мөңгүлөрдүн эришине тийгизген таасири жөнүндө атайын мамлекеттик илимий эксперттик комиссия түзүлгөн. Комиссия өзүнүн жыйынтыгында — мөңгүлөрдүн эришине «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгү чечүүчү ролдо эместигин толук далилдешкен, 4–10%тен ашпайт. Көптөгөн талаш-тартыштардан кийин «Суу кодексине» өзгөртүүлөр киргизилип, «Кумтөр» алтын кенинин иштөөсүнө толук мүмкүнчүлүк берилди. Албетте, бул акылдын жеңиши болду, Кыргыздын «Ачуу — душман, акыл — дос»  деген улуу сөзү жеңди, кээ бир ачуулуу арам ойлор артта калды. Келечекте «Суу кодексин» оңдоп чыгуу керектиги мүмкүн. Мындай чаранын илимдин изилдөөсүнүн негизинде ишке ашырылышы талапка ылайык.

— Орозбек Дүйшеевич, сиз менен өлкөбүздөгү тоо-кен тармагында көп жылдар эмгектенген, ошондой эле бул өндүрүштүн адистерин, ардагерлерин бириктирген коомдук уюмдун жетекчиси катары бул тармактын келечеги боюнча кыскача ой бөлүшсөк дедик эле.

— Бул сурооңуз көп убакытты талап кылат. Бул тармакта өтө оор акыбал түзүлдү. Өткөн кылымдын 30-жылдарында СССР өлкөсүндө «Кадрлар баарын чечет» деген ураан пайда болгон, бул ураан бүт дүйнөгө тарап, көптөгөн өлкөлөрдө дагы эле колдонууда. Тоо-кен тармагынын ушундай акыбалына келишине кадрларды тандоодогу каталыктардын орду жөнүндө кыскача айтып берейин, анткени мындай акыбалга келгендин негизги себептери ушунда. Быйыл, Кыргызстанда тоо-кен тармагынын башаты болуп эсептелген геологиялык чалгындоо кызматынын түзүлгөндүгүнө 80 жыл болот. Анын 50 жылдан ашыгы Советтик доордо өтүп, ушундай тарыхый убакытта Кыргызстан тоо-кен тармагы өнүккөн өлкөгө айланган. Маселен, көмүр казуу боюнча Орто Азиянын «кочегары» деген атка жеткен, Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьманын уютмасы дүйнөлүк эталон болуп эсептелген, Кыргызстанда өндүрүлгөн уран Советтер Союзунда биринчи атомдук энергияны алууга катышкан, сымап өндүрүшү бүткүл Советтер Союзунун керектөөсүн камсыздап турган. Геологиялык чалгындоого жылына 60–80 миллион доллар жумшалып, алдыңкы технологиялар колдонулган. Адистердин айтуусунда Кыргызстанда Менделеевдин таблицасындагы элементтердин 80–90%и бар экендиги далилденген. Кадрлар өсүп жетилген. Кейиштүүсү, эгемендүү башкарууга өткөндөн баштап (1992–93-жылдардан баштап) бул тармакка улуттук адистерди жолотпой, чет элдик сабатсыз адамдардын сунуштарын кабыл алышып, бул тармакка коррупцияны кеңири таратып, таламайга айландырган. Анализ көрсөткөндөй, 80 жылда бул тармакты 18 жетекчи башкарган же орто эсеп менен ар бир жетекчи 4,4 жыл, а Советтик доордо (50 жылдан ашык убакытта) 10 адам жетекчиликке бекитилип, үзүрлүү эмгектенишип, көп ийгиликтерге жетишкен. Орто эсеп менен ал доордо ар бир жетекчи 5 жылдан ашык жетекчилик кылган, эң аз иштегени 4 жыл, эң узак жетекчи болуп кызмат аткарган — Игембердиев Самыйбек Абасович 14 жылдан ашык жетекчи болуп турган. Эскертип коёлук, ал киши бул өндүрүштү жетектөөчүлүктүн бүт тепкичин басып өткөн. Өзүнүн патриоттук сезимин жана өндүрүштүк тажрыйбасын толук колдонуп, Кыргыз өлкөсүнүн экономикасына эбегейсиз салымын кошкон.

Кыргыз өлкөсү эгемендүү башкарууга өткөндөн баштап 8 адам жетекчиликке бекитилген, орточо жетектөө убакыты 1,6 жылды түзгөн, айрымдарына бир жылга да жетпеген учурлар болгон. Бекитилген жетекчилердин көпчүлүгү бул тармактан түшүнүгү жок адамдар болушкан. Жыйынтыгында, лицензияларды берүү башаламандыкка айланып, элдик байлык, мамлекеттик менчик болуп эсептелген жер казынасы таламайга айланды. 2005-жылдан 2017-жылдын ортосунда 6 миңден ашык участокторго (кен байлыктар жайгашкан) лицензиялар берилип, бүгүнкү күндө 2500–3000 лицензиялар ар кандай адамдардын колунда сатылуучу товар катары жүрөт. Кийинки убакытта элдин талаптары менен айрым лицензияларды конкурс жана аукцион аркылуу берүү каралган. Иш жүзүндө бул жерде да коррупцияга жол ачылган. Конкурстук комиссияларга адис-профессионалдар тартылбайт. Буга мисал катары «Жерүй» алтын кени жана «Бел-Алма» көмүр кени боюнча өткөзүлгөн конкурстарды келтирсек болот. «Жерүй» алтын кенин өздөштүрүүгө берилген лицензияны карап коёлук. Аны казуудан 3 миллиард доллар доход түшөт, андан 1,5 миллиард доллар таза киреше табылат. Кыргызстандын үлүшү болбогондуктан “Жерүй” алтын кенинен бир да доллар дивиденд Кыргызстанда калбайт. Бул конкурста утуп чыккан фирма мындай ири кендерде иштеген эмес, үч жылдан бери ар кандай инвесторлорду сунуштоо менен убара, анткени лицензия берилген уюмдун өзүндө мүмкүнчүлүгү жок экендиги биринчи күндөн эле белгилүү болгон. «Востокгеологодобыча» фирмасынын уставдык фондусу 100 млн доллардын тегерегинде болгон, демек биринчи күндөн эле инвестиция издей тургандыгы белгилүү болгон. Биз адистер өз ойлорубузду кат жүзүндө да, комиссиянын жыйынында да айтканбыз. Сабатсыз, Кыргыз элинин кызыкчылыгын ойлобогон конкурстук комиссиянын мүчөлөрү элдин кызыкчылыгына каршы чечим чыгарышкан. Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын адистери мындай каталыктарды көрсөтүп, сунуштарыбызды жогорку бийликтерге жана элге айтып кайрылганбыз. Массалык маалымат каражаттарына да жарыялаганбыз. Бүгүнкү жаңы келген өлкө жетекчилери бул мамлекеттик маселеге көңүл буруп, акыйкаттык иш жүргүзөрүн күтөбүз. Биз жогоруда мамлекеттик жогорку органдардагы кадрларды тандоодогу, тарбиялоодогу каталыктарды келтирдик. Өндүрүштө мындан да начар. Маселен: көмүр өндүрүшүн бириктирген мамлекеттик ишкана — «Кыргызкөмүр» мамлекеттик өндүрүшүндө кийинки 13 жылда 14 жетекчи алмашылып, бирөөсү да бул тармакта тажрыйбалуу — профессионал адам болгон эмес. Ошондой эле, өз убагында Кыргызстандагы эң көрүнүктүү тоо-кен комбинаттарын бириктирип түзүлгөн «Кыргызалтын» фирмасында 1992-жылдан бери 9 адам жетекчиликке бекитилген, анын ичинде бир эле жетекчи 7 ай тоо инженери болгон. Калгандары: бир күн да шахтада иштебеген, адистиги боюнча куруучу, сантехник, экономист, энергетик, юрист жана башкалар болгон. Бул ири мамлекеттик фирманын бүгүнкү күндөгү акыбалы өтө оор.

Кыргыз элинин улуулугу, алардын адамгерчилиги макалдарында чагылдырылган. Улууну урматтоо, кичүүнү сыйлоо бул Кыргыз элинин эң негизги адамгерчиликтүү касиети, «Карынын сөзүн капка сал» — деп, бекеринен айтылган эмес. Сиздердин гезиттин № 02, 2-февралында окумуштуу, эл сыймыгына ээ болгон профессор Сулайман Кайыповдун «Ызгардуу күндөрдүн ызасы» аттуу макаласы жарык көрдү. Бул макалада жалаң эле жогорку бийликтегилерге эмес, жалпы Кыргыз эли окуп, терең ойлонуп, жашообузга өзгөртүүлөр киргизе турган маселелер айтылган. Кыргызда «Чала молдо дин бузат» — дейт. Биздин кийинки 25 жылдык тарыхыбызда негизги кетирилген каталыктар профессионализмди баалабагандыктын кесепетинен наадандыкка жол берилип, өндүрүштү талкалап, талоончулукка өткөндүгүбүздү түшүнүп, мындай элибизге душманчылык жолдон кутулуубузга убакыт келди. Макалада «Ондогон, жүздөгөн электр түйүндөрү бузулуп жатса, ал жөн эле, аппараттардын иштен чыгышы же зымдардын үзүлүшү экен деп ойлой көрбөгүлө, укаларым. Аны, өз ишин билген, сүйгөн профессионалдардын жоктугунан азыркы мамлекеттик механизмдердин четинен иштен чыгып жатышы, анын күрөө тамырынан кан өтпөй баратышы деп билүү кажет» — деп, бүгүнкү күндөгү кадр тандоодогу башаламандыкты, бүгүнкү өлкөбүздү башкаруудагы оор акыбалды даана көрсөткөн. Өмүр бою, студенттик жылдарды кошуп эсептегенде, 65 жылдан ашкан тоо-кен тармагында эмгектенген адам катары, тармактын өтө оор акыбалда экенин, жогоруда мисалы катары фактыларды келтирдик. Коомдук байлык өндүрүштө пайда боло тургандыгы адам баласынын жашоосундагы аксиома болуп эсептелет. Бул байлыкты (кен байлыктарды) бөлүштүрүүдө мыйзам ченемдүү жекече бөлүштүрүү турмуштун жана башкаруу системасына таандык. Өндүрүштү өстүрүүдө профессионализм менен адистештирүү эриш-аркак болуп, бирдиктүү ишке ашырылышы менен бааланат. Кыргызстан көп тармактуу өндүрүшү менен айырмаланат. Ошондуктан адистештирилген мамлекеттик органдар болушу талапка туура келет. Ошондуктан эч кандай изилдөөсүз ар тармактуу өндүрүштү бириктирип, анын жетекчилигине бир дагы тармакта адистиги жок, өндүрүштө иштебеген адамды жетектөөчү кылып коюу эч убакытта үзүрүн берген эмес. Мындай мисалдар Кыргызстанда 25 жылдын ичинде көп эле болду, азыр да иштеп жатат. Бул маселе боюнча талкуулар али алдыда.

Маектешкен Нурсултан Шайдинов

Булак: Жаңы Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: