Menu

Сапар Аргынбаев, коомдук ишмер: «Президенттин мындай көтөнзордугунан кийин сот өкүмү мыйзамдуу, адилет болушу мүмкүнбү?!»

Бөлүшүү:

— Мындан эки жума мурда “Азаттык” радиосу аркылуу жарыяланган маалыматта саясий жалаага кабылып, соттолуп жаткан Б. Асанов, Э. Карыбеков, К. Кадыров жана Д. Сарыгулов беришкен аппелияциялык арызды Бишкек шаардык сот адилет карабай, судья А. Момуналиев бийликтин буйругун колдоп, бир беткейликке жол коюп, адвокаттарды кагып, мыйзам талаптарын — соттолуучулардын укуктарын каалагандай тебелеп-тепсеп жаткандыгы тууралуу билдирген эле…

— Зомбулукка чулганган бул иштин башталышын эстей турган болсок, 2016-жылдын март айынын аягынан тартып, официалдуу телеканалдар коомчулукту дүрбөлөңгө салган шумдуктуу видеотасмаларды элге көрсөтүп, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнис Карыбеков жана Дастан Сарыгуловдор уюмдашып алышып, бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүшкөн деп, күн-түн дебей эфирге чыгарып жаткандыгы баарыбыздын эсибизде. Ачыгын айтканда, кыргыз бийлигинин бул ушагына ишенгендер табылып, ошол эле учурда арыдан-бери даярдалган көрсөтүүгө ишенгендер да пайда болуп, ошол эле мезгилде элдин нараазылыгы да пайда болгон. Кайра-кайра телеэфирден берилген бул видоежалаанын жалган, жасалма жана чындыкка дал келбегендиги, мыйзамдардын ачыктан-ачык жасалганы соттук териштирүүдө далилденгендигин адвокаттар далай жолу айтып чыгышпадыбы.

— Демек, жасалма, чындыкка дал келбеген видеотасманын негизинде жүргүзүлгөн тергөө мыйзамдуу болобу?

— Албетте, болбойт! Жасалма, жалган видеотасманы тергөө материалдары менен далилдеп бериш үчүн УКМКнын тергөө тобу кишинин төбө чачын тик тургузган мыйзам бузууларга барганга аргасыз болгону соттук териштирүүнүн жүрүшүндө ашкереленгендигине коомчулук да күбө болбодубу.

Ал эми көпкө созулган тергөө аракеттери ачыктан-ачык, далай мыйзам бузуулар менен жүргүзүлүп отурса, анын негизинде чыгарылган сот өкүмү мыйзамдуу, адилет болмок беле? Бул теңирден тескери нерсе.

— Ушул жагдайга байланыштуу соттук териштирүү адилет болсун деген максатта соттолуучулар тергөө тобун жетектеген кызмат адамын сотко келип, суроолорубузга жооп берсин деп суранып жаткан турбайбы?

— Соттолуучулардын, алардын адвокаттарынын бул өтүнүчү мыйзамдуу. Бирок, тергөө тобун жетектеген адамдын сотко келип, коюлган суроолорго жооп бере албасы, абийири айрандай төгүлүп, уят болоору алдын ала эле белгилүү да. Эң негизгиси — соттолуучулар тарап даярдаган 40–50дөй суроого тергөө тобунун жетекчисинин жооп бере албасы сот отурумунун протоколуна жазылып калса, анда сот бийликтин атайын тапшырмасын аткара албай, күнөөсүз соттолуп жаткан мекенчилдерди каралап өкүм чыгарганга өтө оор болуп калаарын билип, сот Момуналиев ар кандай болбогон шылтоолорду айтып, тергөө тобун жетектеген жооптуу кызматкерди ашкере болуудан коргоп калып жатпайбы.

— А, мүмкүн, тергөө тобунун жетекчисинин далилдери бардыр?

— Бар болсо сотко келип, далилдерин айтып, соттолуучулардын күнөөсүн моюндарына коюп бербейби. Анда сотко келбей, качып жатканын кантип түшүнөбүз? 70 жаштагы Дастан Исламович акыркы жолу Асанов жана Кадыров менен 2013-жылы соода борборунда кокусунан жолугушкан экен. Андан берки өткөн 3 жыл аралыгында булар көрүшмөк турсун, телефон аркылуу да сүйлөшүшкөн эмес! Тергөөчү болсо жогорудагы 3 адам 2016-жылдын башында биригишип алып, бийликти басып алууга даярдык көрүшкөн деген жалааны жармаштырып, жанын жеп жатпайбы!

Күбөлөрдү кыйноо, коркутуу жолу менен тергөөгө керектүү жасалма көрсөтмөлөрдү алгандыктары, анын эртеси күбө ооруканага жатып, 2 ай дарыланганы, тергөөчү далай мыйзам бузууларга барганы сотто далилденгенин коомчулук көрүп-билип турду го? Далайды көргөн адвокаттардын чыркырап чыгышканын кайда жашырабыз? “Алиби”, “Жаңы Ордо”, “Ачык саясат”, “Азия ньюс”, “Res Publika” жана башка прогрессивдүү басылмалар кайра-кайра жазып чыгышпадыбы.

— Коомчулукта “палач” деген каймана ат менен белгилүү болгон Момуналиевдин кезектеги бир өкүмүн Жогорку Сот жокко чыгарганын өткөн жумада гезиттердин биринен окудум эле. Ардагерди милициянын майору кордоп, ыдык көрсөтүп, куугунтукка алса, ага карабастан, майордун пайдасына өкүм чыгарган Момуналиевдин өзү тура.

— Текебаевдин апелляциялык арызын карап, өкүм чыгарган да ушул Момуналиев. “Калк айтса калп айтпайт” деген сөздү кыргыз бекеринен айтпагандай…

— Жакында алты генерал-лейтенанттан турган коомдук эксперттик топ саясий туткундарды коргоо комитетинин кайрылуусун карап, чыгарган корутундусун окуп алып, жакамды кармандым. ИИМди, УКМКны бир нече жыл жетектеген эки генерал-лейтенант, экс-генпрокурор, Жогорку Кеңештин мурдагы эки спикери жана башка чоң жылдыздуу чыгаан юристтер соттун өкүмүн мыйзамсыз деп корутунду чыгаргандыгы бекеринен эмес да?..

— Тергөөчүлөр менен соттун сабатсыздыгын төмөнкү бир эле мисалдан байкасак болот: соттолуучуларга “бийликти күч менен кармап туруу”, жана “конституцияны күч менен өзгөртүү” деген оор айыптарды коюшту. Бул — жалаа экендиги көрүнүп турат. Эмне үчүн дегенде, “бийликти күч менен кармап туруу” деген түшүнүк бийликтеги адам жаңыдан ал орунга шайланган адамга бийликти өткөрүп бербесе гана мындай айып коюлушу мүмкүн. Жогоруда айыпталып жаткан 4 адам колундагы жок бийликти кантип жана кайсы күч менен кармап турмак эле?!

Конституцияны күч менен өзгөртүү деген айып бийликтеги адам кол алдындагы аскердик күчтөргө таянып, эч кандай референдуму жок эле күчкө салып, Жогорку Кеңешти аттап, Конституцияны өзгөртөм десе коюлат экен.

Биринчи Май райондук соту 7 ай териштирүүдөн кийин “бийликти күч менен басып алууга катыштыгы жок” деп, бул айыпты Сарыгуловдон, Карыбековдон алып салды. Бирок, аларды кылмышты билип, жашырып койгон деп, алардын ар бирин 4 жылга кести.

Кылмышты жашыруу деген — кылмышкерди же кылмыш куралын, же кылмыштын изин жашырган таанылат деп көрсөтүлгөн. Бирок, белги — материалдык, физикалык буюм, нерсе болууга тийиш. Ага карабастан, тергөөнүн материалдарында 3 белгинин бири да жок. Бул жерде соттун башкесерге айлангандыгы көрүнүп турат.

Сарыгулов менен Карыбековдун “бийликти күч менен басып алууга тиешеси жок” деген соттун аныктоосунан кийин, кантип эле Кадыров менен Асанов экөөсү бийликти күч менен басып алышы мүмкүн деген суроону койгон бир да адам жок. Убагында Текебаевдин 150 тарапташы жолду жаба албай койгон учурда, жогорудагы 2 адам бийликти басып алууга аракет кылган деген айыпка келесоо гана ишенбесе, соо адам кантип ишенсин? Өкүнүчтүү жери буга сот ишенип алып, Асанов менен Кадыровдун ар бирин 12 жылга эркинен ажыратпадыбы?!

— Биринчи Май райондук соту өз өкүмүндө 2005–2010-жылдары элдик толкундоолор менен өлкө жетекчилери күч менен алмашылган деп жазганы чынбы?

— Чын. Тынч, куралсыз митингге чыккан мекенчилдерге бийлик өзү биринчи болуп күч колдонгон: 2005-жылы таш ыргыттырып, 2010-жылы аёосуз ок жаадырып. Эл коркпой, артка чегинбегенден кийин Акаев да, Бакиев да өздөрүнүн жол койгон зомбулуктары үчүн жооп берип калышаарын билишип, өлкөдөн качып кетишкен.

— Тергөө далай одоно мыйзам бузуулар менен жүргүзүлгөнү сотто ачыкка чыкканын адвокаттар бир нече жолу ашкерелеп чыгышты. Мунун себеби эмнеде? Алар билет да: эртеби, кечпи бул мыйзамсыз иштерине жооп беришээрин?

– 2016-жылы апрелде президент бүткүл өлкө уксун деп, Кадыров менен Асановдун орду түрмөдө деп айтпадыбы. Мунун өзү сотко буйрук берүү, кысым көрсөтүү эмей эмне? Мунун өзү баш мыйзамды ачыктан-ачык бузуу болуп саналат. Атамбаевдин мындай көтөнзордугунан кийин сот өкүмү мыйзамдуу, адилет болушу мүмкүнбү?! Албетте, мүмкүн эмес! Көрүнүп тургандай, тергөө да, соттор да айласы кетип бийлик талап кылган өкүмдү чыгарып жатышпайбы!

— АКШнын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Стивен Янг ачык айтып чыкты го, психика жагынан (ким?) Түркиянын аскер госпиталында дарыланган, ичкиликке жакын болчу деп. Отунбаева айтты го? Кыргызстанда ачуусу тийбеген, заары төгүлбөгөн, кемсинтип, мазактабаган адам калбай калды деп.

— Жакындан билбеген үчүн мен эч нерсе деп айта албайм. Бирок, жанында жүргөн далай үзөңгүлөштөрү абакка кесилип жаткандыгын бүт эл көрүп, билип жатпайбы. Жакшы адам болсо, мынча жамандыкка барбайт эле деп ойлойм.

— Саясий туткундарды коргоо комитетинин милдети азаптуу иш экендиги белгилүү. Эмне үчүн сиз ушул оор нерсени өзүңүзгө алып келатасыз?

— Адилеттик, калыстык үчүн. Балдарымдын, неберелеримдин, элимдин, өлкөмдүн келечеги үчүн. Кыргызымдын ариет-намысы үчүн.

Маектешкен Номанжан Аркабаев

Коомдук комиссиянын корутундусу (Бишкек шаары, 2017-жылдын 24-ноябры)

Ушул документке кол койгон коомдук комиссиянын мүчөлөрү саясий туткундарды коргоо комитетинин маалыматын угуп, комиссияга берген документтерди иликтеп, Кылмыш кодексинин 295-беренеси менен айыпталган Асанов Бектур, Кадыров Кубанычбек, Карыбеков Эрнест, Сарыгулов Дастан, Талгарбеков Бекболот, Колубаев Төрөбай, Султанов Марат, Калматов Тойгонбек, Гусев Александр жана Исаев Канаттын иш-аракеттерине туура юридикалык баа берилишин талдап чыгып, төмөнкү корутундуга келди.

Кылмыш кодексинин 295-беренеси 3 кылмыш белгисинен турат:

— Кылмышты күч менен басып алуу;

— Бийликти күч менен кармап туруу;

— Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүү.

Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн юрист-окумуштуулары жана иш жүзүндө мыйзамдарды колдонгон тажрыйбалуу юристтер бул беренеге бирдей түшүндүрүү — чечмелөө беришет.

  1. Бийликти күч менен басып алуу — Конституцияда жана мыйзамдарда каралган жолдон тышкары, аларды четке кагып, куралдын күчү менен Президентти, Премьер-министрди, министрлердин баарын кошуп кызматтан четтетип, Жогорку Кеңешти таратып, бийлик жетекчилерин камакка алуу, эркинен ажыратуу, кыйноо, уруп-сабоо, ден соолуктарына зыян келтирүү, басынтуу, кемсинтүү, мазактоо иш-аракеттери кылмыш курамын түзөт.

Президентке куралдуу күчтөр, ички иштер министрлиги, улуттук гвардия, улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети түздөн-түз баш ийгенин эске алсак, айыпталган адамдардан аскердик курал-жарак, акча каражаты, атайын байланыш шаймандары, план-схемалар, тиешелүү сандагы куралданган адамдар аныкталып, табылып, баары далил зат катары кылмыш материалдарына киргизилип, сүрөткө тартылып, коомчулукка, сотко көрсөтүлүшү керек

Эгерде айтылган далилдер жок болсо, анда айып тагылган адамдардын иш-аракеттерине “бийликти күч менен басып алуу” деген юридикалык баа берүү жөнүндө сөз болуу да мүмкүн эмес! 1

  1. Бийликти күч менен кармап туруу — мурда мыйзамдуу жол менен бийликке келип, бирок мыйзамдуу жол менен алардын ордуна келчүү адамдарга өздөрүнө баш ийген күчтөргө таянып, кызматты өткөрүп бербеген иш- аракеттер кылмыш курамын түзөт. Бул айып бийликтеги адамдарга гана коюлушу мүмкүн
  2. Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүү — бийлик адамы кол алдындагы куралдуу күчтөргө таянып, Референдум же Жогорку Кеңеш аркылуу эмес, күчкө салып (указ, декрет же токтом менен) Конституцияны, саясий коомдук түзүлүштү же мамлекет башкарууну өзгөртүү иш-аракеттери кылмыш курамын түзөт.

Демек, жогоруда айтылган айыпталуучулардын иш-аракеттери Кылмыш кодексинин 295-беренесинин 3 белгисинин бирине да кирбегени ачык-айкын көрүнүүдө.

Ал эми айыпталуучулардан курал-жарак, акча каражаттары, атайын жабдыктар, план-схема ж. б. даярдык жана уюштуруу далил заттары табылса, анда аларга айып Кылмыш кодексинин 296-беренеси — “куралдуу төңкөрүш уюштуруу” деп коюлушу керек. Жогоруда айтылгандардын негизинде коомдук комиссия төмөнкү тыянакка келди:

Асанов Б., Кадыров К., Карыбеков Э., Сарыгулов Д., Талгарбеков Б., Колубаев Т., Султанов М., Калматов Т., Гусев А. жана Исаев К. иш-аракеттери Кылмыш кодексинини 295-беренеси менен айыпталууга жатпайт.

Коомдук-эксперттик комиссиянын мүчөлөрү:

Ф.Кулов,

юрист, генерал-лейтенант, көп жылдар бою ИИМди жана УКМКны жетектеген;

Б.Ибраев,

юрист, экс-башкы прокурор, юстициянын генерал-майору;

К. Дүйшебаев,

юрист, генерал-лейтенант, ИИМдин жана УКМКнын мурдагы жетекчиси;

М.Иманкулов,

юрист, генерал-майор, УКМКнын жетекчисинин мурдагы орун басары;

З.Курманов,

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, генерал-лейтенант;

М.Чолпонбаев ,

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, мурдагы Юстиция министри, юстициянын генерал-лейтенанты2.

  1. 2016-жылы Турцияда бийликти күч менен басып алуу айыбы 105 генералга, 6500 жоокерге, 7000 полициянын, 270 улуттук гвардиянын өкүлүнө, 310 сотко, 31 миң мамлекеттик кызматчыга коюлган.;
  2. Корутунду кыскартылып берилди. Толук мазмуну менен www.respub.kg сайтына кирип таанышсаңыздар болот.

Булак: Жаңы Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: