Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Элчисин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айымдос Бозжигитовду дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы Айымдос Бозжигитовго анын Казакстандын Кыргызстандагы Элчиси катары кыргыз-казак мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биздин өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин орношунун 25 жылдыгын жана Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Түбөлүк достук жөнүндө Келишимине кол коюлгандыгынын 20 жылдыгын белгилешти. Бизди эки тараптуу мамилелердин бекем негизи болгон бир туугандык, жакшы коңшулук ажырагыс байланыштар, тилибиз жана маданиятыбыздын жакындыгы байланыштырып турат. Биз өз ара урматтоо жана пайдалуу кызматташтыктын принциптеринде мамилелерди бекемдөө үчүн бардык аракеттерди көрүшүбүз керек», – деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Элчи Айымдос Бозжигитовго мындан аркы ишмердигинде ийгиликтерди жана бардык жакшылыктарды каалап, ал дайым Кыргызстанда кадырлуу конок болоорун белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: